БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө биринчи арыз түштү
11 сентября 2021
2021-жылы 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Сариев Акылбек Аблабековичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 33 Нарын шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 18-октябрын кошуп алганда саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү