Башкы Жаңылыктар Аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын …

Аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлеринин кызмат ордуна талапкерлерди каттады

21-Авг, 2021

Бишкек, Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерден кабыл алынган документтердин мыйзам талаптарына ылайыктыгын ведомстволор аралык электрондук “Түндүк” тутуму аркылуу дагы текшергенден кийин төмөнкүдөй чечим кабыл алышты.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Жунушалиев Айбек Жанышбековичти каттады.

Ош аймактык шайлоо комиссиясы «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Мамбетов Алмаз Ишенбековичти каттады.

Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2 талапкерди – көпчүлүк коалициясы ("Бирге-Вместе", "Патриот Ынтымагы", "Эл Биримдиги") көрсөткөн Самаев Урмат Обозбековичти жана азчылык коалициясы ("Эмгек", "Асыл Мурас-Жаштары") Кубатбек уулу Азатты каттады.

Маалымат үчүн:

1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаар мэри боло алат.

2. Шаар мэринин кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Өкмөт бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары – мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.

Шаар мэринин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

3. Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган, ошондой эле талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жараны, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар шаардын мэри боло албайт.

Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобо менен жөнгө салынат.

Шаар мэри тиешелүү шаардык кеңештин депутаттары тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө жашырын добуш берүү жолу менен шайланат.

Тиешелүү шаардык кеңештеги депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, шайлоо өттү деп деп эсептелет.

Тиешелүү шаардык кеңештеги депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелет.

 

Токмок шаарынын мэрин шайлоону өткөрүү тартиби “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана “Шаар мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” Жобо менен жөнгө салынат.

Шаардык кеңештеги депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк бөлүгү катышса, мэрди шайлоо өттү деп деп эсептелет.

Тиешелүү шаардык кеңештеги депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелет.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 26-августка дайындалганын эске салабыз. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.

Аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы өлкөнүн жогорку окуу жайларында «Сенин добушуң – сенин тандооң» аттуу масштабдуу маалыматтык кампанияны баштады
23-Ноя, 2026

КР БШКсы өлкөнүн жогорку окуу жайларында «Сенин добушуң – сенин тандооң» аттуу масштабдуу маалыматтык кампанияны баштады

Бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугушууларын камтыган масштабдуу маалыматтык иш-чаралар сериясы бир убакта өлкөнүн бардык аймактарында башталды. Жаштардын демократиялык маданиятын калыптандырууга жана шайлоо процессиндеги жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган кампания Бишкектен тартып Ош шаарына чейинки өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларын камтыды.Кампаниянын демилгечилери болуп КР БШК жана анын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) саналат. Жолугушуулар борбордун директору Анара Бейшембаеванын жетекчилиги астында  уюштурулуп, методикалык жактан коштоп көмөк көрсөтүлүүдө.Бишкек шаарында И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттеринин алдында КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова сөз сүйлөп, 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо 18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы дээрлик 1,8 миллион жаш шайлоочунун ичинен 486 миңге жакыны гана добуш берүүгө келгенин белгиледи. «Сиздин добушуңуз эч нерсеге кепилдик бербейт. Бирок добуш берүүгө келбегениңиз бир нерсеге кепилдик берет: сизди эч ким укпайт», – деп баса белгилеп, студенттерди өлкөнүн медицинасынын, билим берүүсүнүн жана аймактардагы инфраструктуранын сапатына түздөн-түз таасир этүүчү чечимдерди кабыл алуу процессинен четте калбоого чакырды.Түштүк борбордо КР БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана КР БШКнын мүчөсү Бөдөш Мамырова Ош мамлекеттик университетинде жана М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде студенттер менен жолугушууларды өткөрүштү.Р. Жакышов студенттер алдында сүйлөп жатып, шайлоо жөн гана формалдуулук эмес, кадр саясатына жана аймактарды өнүктүрүүгө таасир этүүчү реалдуу курал экенине басым жасады. Ал жаштарды өздөрүнүн ордуна башкалардын чечим кабыл алышына жол бербөөгө чакырып, добуш берүү жол-жобосунун жөнөкөйлөштүрүлүшү шайлоого катышуудагы мурдагы тоскоолдуктарды жойгонун белгиледи.Б. Мамырова өз сөзүндө шайлоо сабаттуулугу жана коомдук көзөмөл механизмдери боюнча кеңири маалымат берди. Ал студенттер коомдун эң активдүү жана талаптуу бөлүгү экенин, алардын добушу билим берүү, иш менен камсыз кылуу жана жаш адистерди колдоо тармактарындагы бюджеттик саясаттын артыкчылыктарын өзгөртүүгө жөндөмдүү экенин баса белгиледи.«Саясатчылар шайлоого кимдер келип жатканын көрүшөт жана добуш бергендердин кызыкчылыктарын эске алышат. Сиздердин шайлоого катышууңуздар – көйгөйлөрүңөрдү көз жаздымда калтырууга болбой тургандыгы тууралуу белги», – деп билдирди Б.Мамырова.Кыргызстан эл аралык университетинин окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинде студенттер менен КР БШКнын мүчөсү Алмаз Айбалаев жолугушуп, ID-карта жана «Түндүк» системасы аркылуу добуш берүү тартибин жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде түшүндүрүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.Жолугушууларга 400дөн 500гө чейин студент катышты. Өлкөнүн келечеги жана аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу («Өзүңүзгө ыңгайлуу жерде добуш бериңиз») видеороликтер көрсөтүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессинин негиздери боюнча интерактивдүү викторина өткөрүлдү. Студенттер КР БШКнын эксперттерине ID-карта жана «Түндүк» системасы аркылуу добуш берүү тартиби, ошондой эле аралыктан добуш берүү боюнча активдүү суроолорду узатышты.Иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө 2026-жылдын октябрь айында окуусун аяктаган жарандык катышуу жана шайлоо процесстери боюнча жаш тренерлерди даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) бүтүрүүчүлөрү – ыктыярчылар олуттуу көмөк көрсөтүштү. Долбоорду КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана «Жаштардын өнүгүү институту» коомдук фонду (ЖӨИ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен ишке ашырышты.Жаш тренерлер суроо-жооп сессияларын алып барууга, викториналарды өткөрүүгө жана аудитория менен иштөөгө көмөк көрсөтүп, жолугушуулардын интерактивдүү жана жаштарга багытталган форматта өтүшүн камсыз кылышты.Алдын ала маалыматтар боюнча, КР БШКнын көчмө топторунун ишинин биринчи күнүндө кампаниянын алкагында камтылган студенттердин жалпы саны 2000ден ашты. Маалыматтык кампания 2026-жылдын 11-декабрына чейин уланат. Бул убакыт аралыгында БШКнын мүчөлөрү өлкөнүн бардык аймактарындагы, анын ичинде алыскы облустук борборлордогу ондогон жогорку окуу жайларына барышат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 23-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
23-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 23-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 3-кабат, жыйындар залы           Өткөрүү убактысы:  Саат 18:00                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө      Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу             
Кененирээк билүү >>
КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты
20-Ноя, 2026

КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.Жолугушууга КР БШК төрагаларынын орун басарлары Л. Лурова жана Р. Жакышов, БШКнын мүчөсү М. Темирбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева катышып, иш-чараны биргеликте өткөрүштү.Жолугушууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана облустагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да катышты.Л. Лурова катышуучуларга облуста шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал календардык планда белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурду.Р. Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жаңыланган шайлоо технологиялары тууралуу маалымат берди.Ал эми майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси М. Темирбаева шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тааныштырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү
20-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылууда.Мындай чечим 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.Азыркы учурда алардын эң көбү - 20 шайлоо участогу Россия Федерациясында түзүлдү. Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.Корея Республикасында жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.Түзүлгөн шайлоо участокторунун актуалдуу тизмеси жана алардын даректери менен бул жерден таанышууга болот:
Кененирээк билүү >>