БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

17 августа 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 2021-жылдын 17-августундагы жыйналышында “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

КР БШК депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык КР ЖК депутаты Т.У. Кыдыралиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну токтом кылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин күбөлүгү анык эмес деп таанылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү