Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 10 айылдык округдардын шайланган башчыларын бекитти (Тизмеси).
29 мая 2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болду. Анда ушул жылдын 23-майында республиканын 10 айылдык аймактарында өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын -айыл өкмөт башчыларын шайлоону өттү деп табуу жөнүндө токтом кабыл алды Токтом аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдордун негизинде кабыл алынды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилет. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелет. (тизмеси тиркелет).
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун
аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси
|
Катар № |
Аткаруу органынын аталышы |
Шайланган башчынын Ф.А.Ж. |
|
Жалал-Абад облусу |
||
|
Ала-Бука району |
|
|
|
1. |
Өрүктү |
Алчынбаев Жаркынбек Балтагулович |
|
2. |
Биринчи Май |
Шербаев Мухтар Нурмаматович |
|
Базар-Коргон району |
|
|
|
3. |
Могол |
Турдукулов Эркинбек Нурдинович |
|
4. |
Кызыл-Үңкүр |
Жолдошев Оморбек Мамираимович |
|
|
Тогуз-Торо району |
|
|
5. |
Кара-Суу |
Молдобаев Тойгонбай Бекташович |
|
Чүй облусу |
||
|
Аламүдүн району |
|
|
|
6. |
Нижняя-Аларча |
Мураталиев Талантбек Манапбекович |
|
Ысык-Ата району |
|
|
|
7. |
Бирдик |
Байдовлетов Мураткан Кыдыргычович |
|
8. |
Кең-Булуң |
Аралбаев Джолдошбек Рысбекович |
|
Ош облусу |
||
|
Алай району |
|
|
|
9. |
Бүлөлү |
Абдраев Таалайбек Жожоевич |
|
Чоң-Алай району |
|
|
|
10. |
Кашка-Суу |
Сапаралиев Мирланбек Туратбекович |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
