Башкы Жаңылыктар КР кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап …

КР кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

01-Июл, 2021

2021-жылы 1-июлда КР БШК Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Ноокат районунун Кеңеш, Араван районунун Нурабад, Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Талас районунун Бекмолдо, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак, Ак-Суу районунун Челпек, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти.

Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Жалиев Сабыр Орунбаевич, Гадиев Кабыланбек Касымжанович, Калмуратов Мамбет Маматалиевич, Приев Жумабай Сатимкулович, Алимбеков Нурзаман Карыевич катталган. Добуш берүүгө Папан айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, шайлоо 2 тур менен өттү, 1-турда Жалиев С.О. - 1 добуш, Гадиев К.К. – 2 добуш, Калмуратов М.М. – 9 добуш, Приев Ж.С. – 0 добуш, Алимбеков Н.К. – 9 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди, 2-турда Калмуратов М.М. – 10 добуш, Алимбеков Н.К. – 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алимбеков Нурзаман Карыевич Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Ташполот уулу Бексултан, Шапиев Улукбек Мурзабекович, Тургунбаев Өмүрбек Жоробаевич, Исаев Жеңишбек Куламидинович, Адиев Каныбек Ысмаилович катталган. Добуш берүүгө Кеңеш айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, шайлоо 2 тур менен өттү, 1-турда Ташполот уулу Б. – 8 добуш, Шапиев У.М. – 7 добуш, Тургунбаев Ө.Ж. – 1 добуш, Исаев Ж.К. – 5 добуш, Адиев К.Ы. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди, 2-турда Ташполот уулу Б. – 10 добуш, Шапиев У.М. – 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шапиев Улукбек Мурзабекович Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абдуллаев Мухаммед Бектемирович, Шамшидинов Давранбек Махаммадзулинович катталган. Добуш берүүгө Нурабад айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, Абдуллаев М.Б. – 2 добуш, Шамшидинов Д.М.– 19 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шамшидинов Давранбек Махаммадзулинович Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Халмион айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Дадаев Муктарали Бектинович, Максутов Замирбек Нурмаматович, Сарыбекова Өктамхон Эргешевна, Саматов Шайырбек Абдилатович катталган. Добуш берүүгө Халмион айылдык кеңешинин 31 депутатынын 28 депутаты катышты, Дадаев М. – 2 добуш, Максутов З. – 20 добуш, Сарыбекова Ө. – 4 добуш, Саматов Ш. 2 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Максутов Замирбек Нурмаматович Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Турдуматов Руслан Стамбекович, Жедигеров Абдыразак Жакиевич, Дооранбек уулу Мунарбек катталган. Добуш берүүгө Көк-Серек айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19 депутаты катышты, Турдуматов Р. – 7 добуш алды, Жедигеров А.– 11 добуш, Дооранбек уулу Мунарбек – 1 добуш алды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жедигеров Абдыразак Жакиевич Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Буланбеков Уланбек Эсенбекович катталган. Добуш берүүгө Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты катышты, Буланбеков У.Э. – 19 алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Буланбеков Уланбек Эсенбекович Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Бекназаров Садык Сагынбаевич катталган. Добуш берүүгө Бекмолдо айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты катышты, Бекназаров С.– 18 алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бекназаров Садык Сагынбаевич Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Бектурсунов Джайлебай Касымович, Борбукова Маргарита Маратовна катталган. Добуш берүүгө Тогуз-Булак айылдык кеңешинин 11 депутаты катышты, Бектурсунов Д. – 4 добуш, Борбукова М. – 6 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Борбукова Маргарита Маратовна Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Челпек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Кадаев Салават Болотбекович, Куланбаев Шайырбек Элдосович катталган. Добуш берүүгө Челпек айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, Кадаев С. – 15 добуш, Куланбаев Ш. – 6 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кадаев Салават Болотбекович Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Ибраева Элмира Үсөновна, Сартбаева Динара Жумакадыровна жана Чоткараев Чолпонкул Котошович катталган. Добуш берүүгө Кең-Булуң айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, Ибраева Э.Ү. – 3 добуш, Сартбаева Д.Ж. – 11 добуш, Чоткараев Ч.К. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 7 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сартбаева Динара Жумакадыровна Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>