КР БШК Ысык-Көл облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады

10 июня 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 10-июнундагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук, Түп районунун Талды-Суу, Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

2021-жылдын 9-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.

2021-жылдын 9-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөт башчысын шайлоодо белгиленген мөөнөттө бир дагы талапкер катталбандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.

2021-жылдын 9-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук, Түп районунун Талды-Суу, Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү