Башкы Жаңылыктар БШК КР ЖК депутаты А.Ү. Жапаровдун ыйгарым укуктарын …

БШК КР ЖК депутаты А.Ү. Жапаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

02-Июн, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын  2-июнундагы жыйналышында “Бир Бол” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жапаров Акылбек Үсөнбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

КР БШК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 241 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык А.Ү. Жапаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жапаров Акылбек Үсөнбековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

 

КР БШК маалымат бөлүмү 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Т. Шайназаров Анталия шаарында өткөн эл аралык шайлоо форумунда санариптик технологияларды колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү
25-Ноя, 2026

КР БШК төрагасы Т. Шайназаров Анталия шаарында өткөн эл аралык шайлоо форумунда санариптик технологияларды колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 23-ноябрынан 26-ноябрына чейин Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан эл аралык шайлоо форумуна катышууда.«Шайлоо процессинде технологияларды колдонуу жана алардын ачык-айкындуулукка тийгизген таасири» аттуу сессиянын алкагында Т. Шайназаров «Кыргыз Республикасындагы заманбап шайлоо технологиялары: жеткиликтүүлүк, ачык-айкындуулук жана ишеним» темасында баяндама жасап, Кыргызстанда шайлоо процессине санариптик технологияларды киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү.КР БШК төрагасы шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо, бюллетендерди түздөн-түз шайлоо участокторунда басып чыгаруу, аралыктан добуш берүү жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы шайлоо участокторунан онлайн-видеотрансляция жүргүзүү технологияларын колдонуу тууралуу айтып берди. Мында видеотрансляция добуш берүү процессин гана эмес, добуштарды саноо процессин да камтый тургандыгы белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, жарандарга өздөрүнүн шайлоо округунан тышкары жайгашкан шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүндүк берген аралыктан добуш берүү механизми белгиленди.Ошондой эле Т. Шайназаров маалыматтык коопсуздукту жана маалыматтарды корголгон түрдө берүүнү камсыз кылуунун, жабдууларды алдын ала тестирлөөнүн, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуунун жана шайлоо жол-жоболорун байкоо үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.БШК төрагасы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун алкагында Коомдук байкоо борборун уюштуруу пландалып жатканын маалымдады. Анда каалоочулар шайлоо участокторундагы добуш берүү процессине көз салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.Сөзүнүн соңунда Т. Шайназаров чет өлкөлүк кесиптештерин алдыдагы президенттик шайлоо маалында Кыргыз Республикасына келип, шайлоо процессин уюштуруу жана заманбап шайлоо технологияларын колдонуу практикасы менен таанышууга чакырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугушту
24-Ноя, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугушту

Бүгүн, 24-ноябрда КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугуштуТ. Шайназаров доктор Сердар Муттаны Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.Тараптар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди белгилеп, шайлоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун,  шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы мыкты практикалар менен тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.Т. Шайназаров Сердар Муттаны жана түрк тарапты 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого эл аралык байкоочулар катары катышууга чакырды.Өз кезегинде доктор Сердар Мутта Кыргызстанга келип, алдыдагы шайлоого катышууга даяр экендигин билдирди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда
24-Ноя, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда

2026-жылдын 23-ноябрынан 26-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда.Форум шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча маалымат, билим жана практикалык тажрыйба алмашууга, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган.Иш-чарага 20дан ашуун чет мамлекеттин шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышууда.Форумдун алкагында Т. Шайназаров «Кыргыз Республикасындагы заманбап шайлоо технологиялары: жеткиликтүүлүк, айкындуулук жана ишеним» деген темада баяндама жасайт.КР БШКнын төрагасы шайлоонун жеткиликтүүлүгүн жана айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле жарандардын шайлоо процессине болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган шайлоо технологияларын киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын тааныштырат. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
23-Ноя, 2026

КР БШКсы президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Касенов Аймен Абдыталиповичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Дуйсекулова Асыл Есимкуловна катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>