Башкы Жаңылыктар Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары …

Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары анык эмес деп таанылды

01-Май, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  2021-жылдын 1-майындагы жыйналышында Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таануу зарылдыгы жѳнүндѳ тыянакка келди.

2021 №192 жѳнүндѳ

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп ѳттү.

Токмок шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 мандатты түзѳт. Токмок шаардык кеңешине шайлоо ѳткѳрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 20 шайлоо участкалары түзүлгѳн. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 5 саясий партия катталган, 4 саясий партия: Эмгек» - 47,62% (16 мандат); «Бирге» - 18,49% (6 мандат); «Эл Биримдиги» - 14,13% (5 мандат); «Республика» - 11,92% (4 мандат) шайлоочулардын 7 жана андан кѳп пайыз добуштарын алышкан.

2021-жылдын 11-апрелинде Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлгѳн.

Шайлоочулардын саны бардыгы болуп 38 577 түзгѳн, алардын ичиненен добуш берүүгѳ 16 070 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 41,66% түзѳт.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине ылайык 20 участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун негизинде Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 1-майындагы протоколу менен шайлоолорду болуп ѳттү деп тааныган жана Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгилеген.

КР БШКга 2021-жылдын 19-апрелинде Токмок шаарында жарандарды жапырт каттоо тууралуу «Бирге-Вместе» жана «Эл Биримдиги» саясий партияларынын ѳкүлдѳрүнѳн арыз келип түшкѳн. Өз арызында арыз ээлери «Эмгек» саясий партиясынын ѳкүлдѳрү тарабынан жарандарды жапырт каттоо жүргүзүлгѳн факты боюнча Токмок шаарындагы 26 даректи кѳрсѳтүшкѳн.

Бул, арыз ээлеринин пикири боюнча, 2021-жылдын 11-апрелинде ѳткѳрүлгѳн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларына ѳзүнүн таасирин тийгизген.

2021-жылдын 23-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясына Токмок шаары боюнча «Эмгек» саясий партиясынын штабынын башчысынан арыз келип түшкѳн, ал арызда Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан башка саясий партиялар тарабынан да Токмок шаарындагы 142 дарек боюнча жапырт каттоо менен манипуляция жасалышы мүмкүн экендиги кѳрсѳтүлгѳн.

Арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоо процессинин субъекттеринин даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу топ тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобунун алкагында укук коргоо органдары менен бирдикте каралды.

Келип түшкѳн арыздарды, укук коргоо органдары сунуш кылган маалыматтарды, БШК тарабынан шайлоочулардын тизмесин талдоону карап чыгып жана талкуулап, арыз ээлеринин жүйѳлѳрүн, ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтарын, Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын түшүндүрмѳлѳрүн угуп, Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгүлѳрдү аныктады.

1) Борбордук шайлоо комиссиясы жүргүзгѳн шайлоочулардын тизмесин талдоо тѳмѳндѳгүлѳрдү кѳрсѳттү:

1. Арыздарда кѳрсѳтүлгѳн даректердин кѳпчүлүгүндѳ – 2020-жылы жарандарды жапырт каттоо фактысы болгон, бирок андан ары шайлоочулардын тизмесине киргизилген эмес.

Маанилүү: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Мыйзамдын нормаларына ылайык шайлоочулардын тизмесине паспорттогу белгиси тастыктаган жергиликтүү жамааттын мүчѳлѳрү гана киргизилет. Демек, катталган жарандар катталган боюнча калышкан, бирок паспортторун алмаштырышкан эмес жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген эмес. Жапырт каттоо фактысы боюнча 2020-жылы мамлекеттик органдар тарабынан чоң иштер жасалган, ошонун натыйжасында шайлоочулардын тизмесине жапырт негизсиз киргизүүлѳр токтотулган.

2. кѳрсѳтүлгѳн даректердин айрымдарында – дарек-маалымат базасына катоо фактысы жана шайлоочулардын тизмесине киргизүү фактысы болгон, бирок ошол адамдар шайлоодо добуш беришкен эмес,

3. арыздарда кѳрсѳтүлгѳн Токмок шаарындагы 30дан ашык даректер боюнча Дарек-маалымат базасына катоо фактысы жана шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана жарандардын 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү фактысы болгон.

Шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана добуш берүүгѳ катышуу менен коштолгон жарандарды жапырт каттоо боюнча билдирилген даректер жети шайлоо участкасына - №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 участкаларына таандык.

Жалпысынан 2021-жылдын 11-аперелинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесиндеги жогоруда кѳрсѳтүлгѳн 30дан ашуун даректер боюнча 7 шайлоо участкаларына (№7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081) 624 жаран киргизилгендиги, ал эми добуш берүүгѳ (идентификациялангандар) 414 жаран катышкандыгы аныкталды.

2) «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацына ылайык, шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам чара көрүүчү координациялык (ЫЧККТ) топтор түзүлөт, анын курамына комиссиялардын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.

ЫЧКТ алкагында шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын ортосунда туруктуу ыкчам ѳз ара аркеттенүү, бузууларды ѳз ара талдоо, органдардын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чараларды талдоо жүргүзүлѳт.

Келип түшкѳн арыздар ѳзүнүн компетенциясынын алкагында кароо үчүн укук коргоо органдарына жѳнѳтүлгѳн.

Укук коргоо органдарынан келип түшкѳн маалыматтар, анын ичинде БШКнын жыйынында билдирилген маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки ѳндүрүш материалы 2021-жылдын 26-апрелинде Токмок шаарынын ИИБнин БКЖР катталган жана сотко чейинки текшерүү башталган.

Жогоруда аталган сотко чейинки ѳндүрүштү иликтѳѳ убагында ички иштер органдары тарабынан МКК маалыматтары боюнча Токмок шаарынын аймагында 2106 жаран мыйзамсыз (андан ары шайлоочулардын тизмесине киргизүү, ошондой эле киргизбѳѳ менен) катталган, алардын кѳпчүлүгү Токмок шаарына жакын жайгашкан айылдардын жана башка облустардын тургундары.

Ички иштер органдарынын сотко чейинки ѳндүрүш материалдарына ылайык - сотко чейинки ѳндүрүштүн алкагында каттоо жѳнүндѳ маалыматтарды, кыймылсыз мүлк ээлерин сурамжылоо жана аларда катталган адамдарды иликтѳѳ мүлк ээлеринин уруксаты жок жарандарды мыйзамсыз каттоо, шайлоого катыштыруу максатында жарандарды бир дарекке каттоо жана партияларды колдоо орун алгандыгын кѳрсѳттү, айрым иликтенген жапырт каттоо даректери депутаттыкка талапкерлерге же алардын жакын туугандарына таандык болуп чыккан. Ошондой эле каттоо үчүн жарандарга акча тѳлѳнгѳндүгү тууралуу кѳрсѳтмѳлѳр бар, ошондой эле бир ишкананын мүчѳлѳрүн каттоо учурлары бар. Текшерүү улантылып жатат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык «Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкасында төмөндөгүлөр боюнча жараксыз деп табат:

1) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербесе;

2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында эреже бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этсе;

3) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча».

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык:

«Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген жоболорду бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп түшүнүлөт.

Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эрк-ниетин билдиришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандар шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан жоболорду бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлөт».

№7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо участкаларында жарандарды жапырт каттоо, аларды шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана андан ары мыйзамдарды бузуу менен коштолгон добуш берүү (мүлк ээлеринин уруксаты жок, жергиликтүү жамааттын мүчѳлѳрү эмес, административдик ресурстарды колдонуу) аркылуу жарандары жапырт каттоо сыяктуу бузуулардын орун алгандыгын, алардын добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир тийгизгендигин эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясы аталган шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таануунун зарылдыгы жѳнүндѳ тыянакка келет.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык:

«Эгерде шайлоо участкаларынын добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган бөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тааныйт».

Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы саны бардык 20 шайлоо участогунда 16 070 шайлоочуну түзѳт.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанууга жаткан 7 шайлоо участогунда (№7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081) добуш беришкен шайлоочулардын саны 5427 шайлоочуну түзѳт. Бул Токмок шаары боюнча бардык шайлоо участкаларында катышкан шайлоочулардын санынын үчтѳн бир бѳлүгүнѳн (33,77%) ашыгын түзѳт.

 Ушул шарттар «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таануу үчүн негиз болуп саналат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Эгерде шайлоо болбой калса, жараксыз деп табылса, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер (талапкерлердин тизмеси) шайланбай калса кайталап шайлоо дайындалат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан шайлоолор болбой калган, жараксыз деп табылган күндөн тартып бир айдын ичинде дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт…».

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38, 39, 41, 42-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18, 20 беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК төмөнкүдөй токтом кылды:

1. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанысын жана Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколду жокко чыгарсын.

2. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелинде ѳткѳн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таанысын жана 2021-жылдын 11-апрелинде ѳткѳн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 1-майындагы протоколун жокко чыгарсын.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан кайталап шайлоо өткөрүү учурунда шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес экендиги белгиленген.

БШК укук коргоо органдарынын иштеринин жыйынтыгы боюнча, жогоруда кѳрсѳтүлгѳн бузуулар боюнча талапкерлердин күнѳѳсү же катыштыгы бар экендиги аныкталган учурда талапкерлердин кайра шайлоого катышуусуна жол бербѳѳ боюнча чаралар кабыл алынууга тийиш деген токтом кылды.

3. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылынсын.

Ошондой эле КР БШК Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароого токтом кылды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>