Башкы Жаңылыктар БШК гендердик квотаны ишке ашыруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмө …

БШК гендердик квотаны ишке ашыруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмө берет

15-Апр, 2021

Кыргыз Республикасынын БШКсы маалымдайт: ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмесин резервге калтыруу Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу алкагында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамы менен киргизилген.

Аялдар калктын 52%ын түзгөндүгүнө карабастан, алардын шайланма органдардагы өкүлчүлүгү айылдык кеңештердин деңгээлинде жалпы депутаттардын санынын 9 %ын гана түзөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо боюнча мамлекеттин конституциялык милдеттенмелеринин алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аялдардын өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзүү, алардын жергиликтүү деңгээлде башкарууга катышуусу үчүн айылдык кеңештерде ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмесин резервге калтыруу боюнча атайын мыйзам чаралары кабыл алынган.

2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоодо квота алгач ирет иш жүзүндө бүт өлкө боюнча кеңири ишке ашырылууда.

420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланууда, округдарда аялдар үчүн 2943 мандат резервге калтырылган.

Шайлоого катышуу үчүн 18 772 талапкер катталды, анын ичинде 5300 талапкер – аялдар.

Учурда аймактык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана округдарда жана жалпысынан кеңештерде шайлоонун натыйжаларын аныктоо процесси жүрүүдө.

Шайлоо комиссиялары шайланган талапкер аялдарды шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык каттоону кмсыздашат.

Маалымат үчүн:

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 59-1-беренесине ылайык ар бир шайлоо округу боюнча резервге калтырылган мандаттардын саны шайлоо округдары жана участоктору жөнүндө маалымат менен бир убакта жарыяланат.

Шайлоо округдарында резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот:

1) 2, 3 мандаттуу шайлоо округдарында 1 мандат резервде калтырылат;

2) 4,5,6 мандаттуу шайлоо округдарында 2 мандат резервде калтырылат;

3) 7,8,9,10 мандаттуу шайлоо округдарында 3 мандат резервде калтырылат;

4)11,12,13 мандаттуу шайлоо округдарында 4 мандат резервде калтырылат;

5) 14,15,16 мандаттуу шайлоо округдарында 5 мандат резервде калтырылат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 62-беренесине ылайык айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо ушул Мыйзамдын 59-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат.

Резервге калтырылган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын көбүрөөк добуштарынын санына ээ болгон талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланган болуп таанылат.

Мындан мурда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "кыргыз коомунда аялдын орду терең урмат сыйга ээ, анын коомдук жана саясий турмуштагы ролу ар дайым жогору болуп келген" деп белгилегендей, ал бул квотанын ишке ашырылуусун аялдар үчүн "жергиликтүү деңгээлде саясий процесстерге бир топ таасир тийгизүүчү"   мүмкүнчүлүк деп айткан.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 6-ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
06-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 6-ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                                  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү  тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы         2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү  тууралуу‎” токтом долбоору жөнүндө                                                                  Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы        3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жайыл, Ысык-Ата, Ош, Араван, Тоң, Баткен шаардык жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                              Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы                                   5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кыдыров Акай Имаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  
Кененирээк билүү >>
КР БШК өкүлдөрү Нарын облусунда шайлоого карата даярдыктарды талкуулашты
05-Ноя, 2026

КР БШК өкүлдөрү Нарын облусунда шайлоого карата даярдыктарды талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Тимур Оторбаев 2026-жылдын 3-5-ноябрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Нарын облусунун Жумгал, Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруусу үчүн зарыл шарттарды түзүү, шайлоо процессинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жарандардын шайлоо укуктарын сактоо маселелери талкууланды.Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоо тартиби тууралуу маалымат берди. Ошондой эле шайлоону уюштурууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине токтолду.Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоонун ачык-айкын жана мыйзамдуу өтүшүнө зарыл шарттарды түзүүгө көмөктөшүүгө, ошол эле учурда шайлоо процессине кийлигишпөөгө чакырды. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө мыйзам бузуулардын, кысым көрсөтүү жана мыйзамсыз кийлигишүү аракеттерин алдын алуу, шайлоонун бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
05-Ноя, 2026

КР БШКда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) шайлоо маселелери боюнча кеңешчилери Ранко Вукчевич жана Каха Инаишвили менен жолугушуу болуп өттү.КР БШКнын өкүлдөрү ДИАУБ өкүлдөрүнө алдыдагы шайлоого карата уюштуруу жана техникалык даярдыктын жүрүшү, анын ичинде шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, иштин негизги багыттары жана ачык-айкын, демократиялык шайлоо процессин камсыз кылууга багытталган иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат беришти.Өзгөчө көңүл шайлоого техникалык даярдык көрүү маселелерине, анын ичинде шайлоо жабдууларын жана шайлоочуларды идентификациялоо системасын алдыдагы тестирлөөгө, ошондой эле аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууга бурулду.Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде пандустар менен жабдуу, ошондой эле жаштардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери каралды.Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жарандардын эркин билдирүүсүн камсыз кылуу, ачык-айкын жана демократиялык шайлоолорду өткөрүү КР БШКнын ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктары болуп саналарын белгилешти.Маалымат үчүн:Жолугушуу ЕККУнун ДИАУБ жол-жоболоруна ылайык өткөрүлдү. Анын максаты - алдыдагы шайлоого карата эл аралык байкоочулар миссиясын жөнөтүүнүн максатка ылайыктуулугун жана мүмкүнчүлүгүн аныктоо.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө аралыктан добуш берүү системасын тестирлөөдөн өткөрдү
04-Ноя, 2026

КР БШК Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө аралыктан добуш берүү системасын тестирлөөдөн өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 4-ноябрда 2027-жылдагы президенттик шайлоого даярдыктын алкагында шайлоо системасынын иштешин жана аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кезектеги тестирлөөдөн өткөрдү.Тестирлөө Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүндө өткөрүлдү. Ага аскер бөлүгүнүн офицерлери жана жоокерлеринен 215 адам катышты.Саат 10:00дөн 15:00гө чейин адистер шайлоо системасынын модулунун, байланыш каналдарынын жана шайлоо жабдууларынын туруктуу иштешин, ошондой эле шайлоочуларды онлайн идентификациялоо механизмин текшеришти. Өзгөчө көңүл шайлоочунун туруктуу катталган жерине карабастан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө бурулду. Бул үчүн шайлоочунун инсандыгын онлайн форматта ырастоо каралган.Өткөрүлгөн тестирлөө 2026-жылдын 18-ноябрында өтө турган шайлоо системасын жалпы республикалык деңгээлде текшерүүгө даярдык көрүү этабындагы иштердин бир бөлүгү болуп саналат.Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.
Кененирээк билүү >>