Башкы Жаңылыктар 19миңден ашык кыргызстандыктар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш …

19миңден ашык кыргызстандыктар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыз берди

09-Апр, 2021

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү шайлоочулар добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бере алышат:

  • шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар;
  • добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар;
  • алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар.

Ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечим боюнча төмөнкү шайлоочулар өздөрүнүн жайгашкан жери боюнча добуш беришет:

  • калктуу конуштардан алыс обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;
  • шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери;
  • тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген иштин үзгүлтүксүз цикли менен ишканаларда иштеген шайлоочулар;
  • вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар;
  • өзүнүн жайгашкан жери боюнча убактылуу турган жери боюнча шайлоо участкасынын аймагында туруктуу жашаган, үй камагында турган референдумдун катышуучулары.

Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда добуш берүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20.00гө чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча 2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн 19298 арыз түшкөн.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө арыз берген шайлоочулардын саны тууралуу 2021-жылдын 8-апрелине карата маалымат

 

№

АШК

саны

Кеңештердин

 саны

УШК

саны

Жайдан тышкары добуш

берүүгө түшкөн арыздардын

саны

 
 

Республика

боюнча бардыгы:

52

393

1483

19298

 

Бишкек ш.

1

1

228

4990

 

Ош ш.

1

1

73

1519

 

Чүй облусу

9

81

173

2830

 

Ош облусу

7

82

333

3811

 

Жалал-Абад облусу

10

60

246

2691

 

Нарын облусу

6

57

128

1217

 

Ысык-Көл облусу

7

48

134

912

 

Баткен облусу

6

31

110

883

 

Талас облусу

5

32

58

445

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү
20-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылууда.Мындай чечим 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.Учурда алардын  көпчүлүгү тагыраагы 20 шайлоо участогу  Россия Федерациясында түзүлдү. Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.Корея Республикасында жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.Түзүлгөн шайлоо участокторунун актуалдуу тизмеси жана алардын даректери менен бул жерден таанышууга болот:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Масалиев Исхак Абсаматовичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Айдакеева Бегимай Кувандыковна катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.Борбордук шайлоо комиссиясына «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан 2026-жылдын 16-ноябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде Майнаев Камилжан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Ош облусунун аймагындагы бардык шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу катары катталды.Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
20-Ноя, 2026

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алды.Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Абдыраев Туратбек Кадырмаматович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Куванычбек кызы Зирегүл киргизилди.Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Дуйшенова Гулзаада Кадырбаевна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан чыгарылып, ордуна резервден Токтогулов Кубан Табышбекович киргизилди.Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Кулдашова Хаётхон Атабековна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан чыгарылып, ордуна резервден Мамадалиев Кубанычбек Хасанбаевич киргизилди.Ошондой эле «Ата-Мекен» саясий партиясынан Аманов Кымбат Эсенович резервден Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилди.
Кененирээк билүү >>