Башкы Жаңылыктар КР БШК шайлоо жана референдум мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту …

КР БШК шайлоо жана референдум мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алгоритмди бекитти

14-Мар, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-мартындагы жыйынында Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритмин бекитти.

Алгоритм «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми

Ушул алгоритм Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги  тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тобокелчиликти алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасында  шайлоону, референдумду уюштуруу жана ѳткѳрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Алгоритм бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, талапкерлер, саясий партиялар, «макул» тобу, «каршы» тобу  жана алардын ѳкүлдѳрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын  ѳкүлдѳрү, шайлоо процессине катышкан  юридикалык жана жеке жактар тарабынан милдетүү аткарууга жаткан бир катар талаптарды камтыйт.

Белгиленген талаптарды аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча штабдардын жетекчилерине, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына, шайлоо комиссияларына жүктѳлѳт.

Дезинфекциялоо каражаттарын, коргоочу бет каптарды, бир жолку кол каптарды пайдалануу, 1,5-2 метрдик социалдык аралыктарды сактоо, шайлоочулардын идентификациядан ѳткѳн учурларын кошпогондо кол кармашып учурашуудан жана башка тике контакттардан качуу, шайлоо процессинин бардык стадияларында шайлоо процессинин катышуучулары үчүн милдеттүү шарттар болуп саналат.

Талаптарды аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүдѳ кодексинде каралган жоопкерчиликти тартууга алып келет.

  1. Аймактык шайлоо комиссияларынын иши

1. Аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – АШК)  тарабынан талапкерлерден, талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрүнѳн арыздарды жана башка документтерди кабыл алганда тѳмѳндѳгү санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталат:

- күн сайын АШКнын орун-жайларын, иш жүргүзүүчү үстүнкү беттерди жууп-тасалоочу каражаттар менен нымдуу тазалоо жана дыкат дезинфекциялоо жүргүзүү;

- орун-жайдын кире беришин санитайзер же колдорду дезинфекциялоо үчүн  башка каражаттар менен жабдуу, ошондой эле жооптуу адамдардын келүүчүлѳрдүн дене табын  контактсыз ыкма менен текшерүүсү;

- АШК мүчѳлѳрүнүн жана АШКга келүүчүлѳрдүн бет каптарды, кол каптарды жана башка жекече коргоо каражаттарын милдеттүү пайдалануусу;

- адамдардын ортосунда 1,5–2 метрден кем эмес социалдык аралыктарды сактоо;

- эмеректерди жана техникалык жабдууларды  бири биринен 1,5–2 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу.

2. Участкалык шайлоо комиссияларынын иши

2. Участкалык  шайлоо комиссиясы (мындан ары – УШК)  тарабынан шайлоочулардан, референдумдун катышуучуларынан каталар, так эместиктер тууралуу арыздарды кабыл алганда тѳмѳндѳгү санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталат:

- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан күн сайын УШКнын орун-жайларын, иш жүргүзүүчү үстүнкү беттерди жууп-тасалоочу каражаттар менен нымдуу тазалоо жана  дыкат дезинфекциялоо жүргүзүү камсыз кылынат;

- ар бир шайлоочуга, референдумдун катышуучусуна идентификациялоо жүргүзүлгѳнгѳ чейин жана жүргүзүлгѳндѳн кийин идентификациялоо жабдууларын дезинфекциялоо;

- орун-жайдын кире беришин санитайзер же колдорду дезинфекциялоо үчүн  башка каражаттар менен жабдуу, ошондой эле жооптуу адамдардын келүүчүлѳрдүн дене табын  контактсыз ыкма менен текшерүүсү;

- УШК мүчѳлѳрүнүн жана УШКга келүүчүлѳрдүн бет каптарды, кол каптарды жана башка жеке коргоо каражаттарын милдеттүү пайдалануусу;

- адамдардын ортосунда 1,5–2 метрден кем эмес социалдык аралыктарды сактоо;

- шайлоо участкасынын орун-жайларында шайлоочулардын, референдумдун катышуучулардын бет кап режимин сактоосу;

- эмеректерди жана техникалык жабдууларды  бири биринен 1,5–2 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардан  шайлоочулардын тизмесиндеги ѳзү жѳнүндѳ маалыматтарды тактоого, оңдоого   байланышкан бардык маселелерди шайлоочулардын «ТИЗМЕ» https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталы аркылуу чечип алууну сунуштайт.

3. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү

4. Саясий партиялар шайлоо жѳнүндѳ  мыйзамдарга, «Саясий партиялар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, партиянын Уставына  ылайык жашыруун добуш берүү жѳнүндѳ талаптарды милдеттүү түрдѳ сактоо менен онлайн режиминде же офлайн режиминде  талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү боюнча саясий партиялардын съезддерин (конференцияларын), алардын аймактык бѳлүмдѳрүнүн чогулуштарын (конференцияларын) ѳткѳрүүнүн жолдорун ѳз алдынча аныкташат.

Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана жарандардын ден соолугун сактоо максатында саясий партиялар офлайн режиминде партиянын съезддерин же чогулуштарын ѳткѳргѳн учурда съезддин делегаттарынын санын кыскартуу мүмкүнчүлүгүн (эгерде партиянын Уставында ушундай мүмкүнчүлүктѳр каралса)  кароосу зарыл.  Ошондой эле партиянын съезддерин орун-жайдан тышкары (ачык жерлерде) ѳткѳрүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунуш кылынат. 

5. Офлайн түрүндѳ съездди ѳткѳрүүдѳ саясий партиялар тѳмѳндѳгү сунуштарды эске алууга тийиш:

- саясий партиянын съезди ѳтүүчү орун-жайдын кире беришинде тѳмѳндѳгүдѳй «чыпкалоону» уюштуруу:

-  съезд башталар алдында  орун-жайларды, иш жүргүзүүчү үстүнкү беттерди жууп-тасалоочу каражаттар менен жыйноо жана дезинфекциялоо жүргүзүү;

- кире бериште контаксыз ыкма менен  съездин катышуучусунун дене табын текшерүү;

- орун-жайдын кире беришинде дезинфицияланган арлашмага чыланган килемченин болушу;

- съезди ѳткѳрүүнүн эрежесин жана коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жѳнүндѳ норманы кире бериште жайгаштыруу;

- орун-жайдын кире беришинде жана ичинде колду дезинфекциялоо үчүн санитайзерди же башка каражаттарды пайдаланууну камсыз кылуу;

- съезддин бардык катышуучуларынын бет кап же респиратор тагынуу режимин милдеттүү сактоосу;

- съезд ѳтүүчү орун-жайдын кире беришинде жана анын ичинде аралык белгилерин орнотуу;

- съездин бардык жол-жоболорун ѳткѳрүүдѳ съездин катышуучуларынын ортосундагы аралыкты (1.5-2м.) сактоону кѳзѳмѳлдѳгѳн адамды дайындоо.

6. Жасалма желдетүү системасы жок болгон учурда абаны дезинфекциялоо үчүн рециркулятор орнотуу, ал жок болгон учурда ар бир 30 мүнѳт сайын 15 мүнѳттѳн орун-жайды желдетүүнү камсыз кылуу. 

Эгерде айлана чѳйрѳнүн сырткы температурасы 18 градустан жогору болгон учурда, орун-жайды жел урбагандай шартта туруктуу желдетип туруу.

4. Шайлоо алдындагы үгүт

7. Үгүт иштерин теле кѳрсѳтүү, радио, аудио жана видео форматтарын пайдалануу менен онлайн режиминде ѳткѳрүү сунуш кылынат. Офлайн жолугушуусу адамдардын массалык топтолуусуна жол бербѳѳ талаптарын эске алуу менен орун-жайдан сырткары (ачык жерде) ѳткѳрүү сунушталат.

8. Үгүт материалдарын (буклеттерди, газеталарды, дисктерди, желекчелерди, значокторду ж.б.) таркатуу милдеттүү түрдѳ бир жолку кол каптарды жана бет каптарды пайдалануу менен ишке ашыруу зарыл.

9. Офлайн режиминде орун-жайдан тышкары же орун-жайдын ичинде шайлоочулар менен жолугушуу ѳткѳрүлгѳн учурда талапкерлер, саясий партиялар, «макул» тобу, «каршы» тобу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳнүн аймактык органдарына алдын ала маалымдайт жана тѳмѳндѳгүлѳрдү камсыз кылууга милдеттүү:

а) шайлоочулар менен жолугушуу үчүн орун-жайды алдын ала жууп-тазалап, дыкат дезинфекциялоо жүргүзүү;

б) шайлоочулар менен жолугушуу үчүн орун-жайдын/аймактын кире беришинде үгүт иш-чарасынын катышуучуларынын дене табын текшерүү;

в) орун-жайдын/аймактын кире беришинде катышуучулардын колдорун антисептик каражаттары менен иштетүү;

г) үгүт иш-чарасынын бүткүл мезгилинде иш-чаранын бардык катышуучуларынын бет каптарды, кол каптарды жана жеке коргоочу башка каражаттарды милдеттүү пайдалануусу;

д) үгүт иш-чарасынын бардык катышуучуларынын ортосунда социалдык аралыкты - 1.5-2 метрден кем эмес аралыкты сактоо;

е) абаны дезинфекциялоо үчүн рециркулятор орнотуу, ал жок болгон учурда ар бир 30 мүнѳт сайын 15 минуттан орун-жайды желдетип туруу. 

Эгерде курчаган чѳйрѳнүн сырткы температурасы 18 градустан жогору болгон учурда, орун-жайды жел урбагандай шартта туруктуу желдетип туруу.

5. Орун-жайдан тышкары добуш берүү

10. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын атайын үйрѳтүлгѳн адамдары орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгардын алдында комиссия мүчѳлѳрүнүн, байкоочулардын, талапкерлердин, партиялдардын, ЖМК жана интернет-басылмалардын   ѳкүлдѳрүнүн дене табын текшерүүнү камсыз кылат.

11. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссиялары үчүн берилген транспорттун үстүнкү жумушчу беттерин дезинфекациялоочу каражаттар менен алдын ала иштеп чыгууну камсыз кылат.

12. Орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгып жаткан УШК мүчѳлѳрү үчүн жеке коргоо каражаттары жана бахилалар, бир жолку кол каптар, санитайзерлер берилет.

13. Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш беришкен шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына   акысыз бир жолку кол каптар жана бет каптар берилет.

14. Байкоочуларды, талапкерлердин, саясий партиялардын, ЖМК ѳкүлдѳрүн, «макул» тобун, «каршы» тобун жеке коргоочу каражаттары менен камсыз кылууну жѳнѳтүп жаткан уюмдар ишке ашырат.

15. Ар бир шайлоочуну, референдумдун катышуучусун идентификациялоого чейин жана ал чыккандан кийин идентификациялоо жабдуусун жана АСУну дезинфекциялоо жүргүзүлѳт.

16. Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү аяктагандан кийин жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жоопту адамы тарабынан УШК мүчѳлѳрүнүн абалы кѳзѳмѳлдѳнѳт.

6. Добуш берүү күнү

17. Добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде «киргизүү чыпкасын» уюштуруу:

18. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жоопту адамынын кире бериште контактсыз жол менен шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын дене табын текшерүүсү

19. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашмага чыланган килемчени тѳшѳөнү уюштурууну камсыз кылуусу.

20. Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын колдорун санитайзер менен же добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоо үчүн каражаттар менен иштетүүнү камсыз кылуу.

21. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын шайлоо участкасынын, референдум участкасынын кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жѳнүндѳ  плакатты жайгаштыруусу

22. Шайлоо участкасынын, референдум участкасынын кире беришинде добуш берүүгѳ катышкандардын бекитилген кирип чыгуу схемасынын болушу.

23. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын шайлоо участкасынын, референдум участкасынын аймагында жана добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде аралык белгилерин (чийимдерин) камсыз кылуусу.

24. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кѳмѳктѳшүүсүндѳ 1,5-2 метрден кем эмес социалдык аралыктарды жана бет каптарды тагынуунун милдеттүү режимин сактоо жѳнүндѳ шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

25. Шайлоо участкасына, референдум участкасына кирерде шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына жеке коргоо каражаттарын (бир жолку бет каптарды жана кол каптарды) акысыз берүү.

7. Добуш берүү үчүн орун-жай

26. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү процесси башталганга чейин добуш берүү үчүн орун-жайды жана бардык үстүнкү беттерди жууп-тазалоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоосу жана дыкат дезинфекциялоосу

27. УШКнын бардык мүчѳлѳрүн жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу.

28. Байкоочуларды, талапкерлердин, саясий партиялардын, ЖМК ѳкүлдѳрүн, «макул» тобун, «каршы» тобун жеке коргоочу каражаттары менен камсыз кылууну жѳнѳтүп жаткан уюмдар ишке ашырат.

29. Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде санитайзердин болушу.

30. Эмеректерди, добуш берүү үчүн кабиналарды жана технологиялык жабдууларды бири биринен 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу.

31. Шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү  1,5-2 метрден кем эмес  аралыктарды сактоо менен жайгаштырылат жана ар бир шайлоочу менен иштеп бүткѳндѳн кийин антисептик каражаттары менен колдорун иштеп чыгышат

32. Добуш берүү кабинасы парда тартылбай пайдаланылат

33. Добуш берүү үчүн орун-жайда же анын жанында коронавирус инфекциясын жуктурууну алдын алуу боюнча сунуштар жазылган маалымат стенддерин жайгаштыруу.

34. Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде аралык белгилеринин (сызыктарынын) болушу.

35. Шайлоочулар, референдумдун катышуучусу үчүн кирип-чыгуу белгилерин (сызыктарды) кѳрсѳтүү.

36. Байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын, ЖМК ѳкүлдѳрү, «макул» тобу, «каршы» тобу үчүн орун алуучу  жайлар социалдык аралыктарды сактоо менен участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы тарабынан аныкталат. Мында аталган адамдарга добуш берүүнүн жүрүшүн, добуштарды саноо жол-жобосун даана кѳрүп туруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.

37. Жасалма желдетүү системасы жок болгон учурда, ар бир 30 мүнѳт сайын 15 мүнѳттѳн орун-жайды желдетүүнү камсыз кылуу.  Эгерде сырткы айлана чѳйрѳнүн температурасы 18 градустан жогору болсо, орун-жайды жел урбагандай шартта туруктуу желдетип туруу.

38. Пайдаланылган бет каптарды жана кол каптарды утилизациялоо үчүн добуш берүү үчүн орун-жайдын чыга беришинде контейнер жайгаштыруу.

8. Добуш берүү процесси

39. Шайлоо участкасында шайлоочу, референдумдун катышуучусу УШКнын мүчѳсүнѳ Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кѳрсѳтѳт.

40. Манжаларынын белгилери боюнча идентификациялоодон ѳтүүдѳ шайлоочу, референдумдун катышуучусу кол кабын чечип, колдорун антисептикалык каражаттары менен иштетип идентификациялоодон ѳтѳт жана идентификациялоодон ѳткѳндѳн кийин колдорун кайра иштетип, кол кабын кайра киет.

41. Бетинин биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон ѳткѳндѳ шайлоочу, референдумдун катышуучусу бет кабын убактылуу алдына түшүрүп, идентификациялоо бүткѳндѳн кийин аны кайра киет.

42. Ар бир шайлоочуну, референдумдун катышуучусун идентификациялоо жол-жобосуна чейин жана аны ѳткѳргѳндѳн кийин идентификациялоо боюнча жабдуу спирттелген салфетка менен дезинфекцияланат.

43. Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептѳѳчү урналар ар бир 60 мүнѳттѳ эки иреттен кем эмес дезинфекциялоочу каражаттар менен иштетилет.

44. Ооруунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн ѳзүнчѳ кабина болууга тийиш.

45. Добуш берүүнүн жүрүшүндѳ, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго кол коюуда участкалык шайлоо комиссиясынын ар бир мүчѳсү ѳзүнүн калемин колдонууга тийиш.

46. Добуш берүү үчүн үкѳктѳрдү ачарда анын үстүнкү бети антисептик каражаттары менен иштетилет.

  1. Шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына сунуштар

47. Добуш берүү үчүн орун-жайга кирерде дене табы текшерилип, колдору иштетилгенден кийин участкалык шайлоо комиссиялары берген бет каптарды жана кол каптарды кийүү.

48. Идентификациялоодон ѳтүү учурун кошпогондо, шайлоо участкасында болгон учурда бет каптарды жана кол каптарды чечпегиле.

49. Добуш берүү үчүн орун-жайдан сырткары, ошондой эле анын ичинде 1,5- 2 метр аралыкты сактагыла.

50. Балдарды кошо ала келбегиле.

51. Ооруунун белгилери бар, же болбосо оорукчан менен контактта болгон, же болбосо обсервацияда турган жана ѳзүнүн активдүү шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну каалаган шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына тѳмѳндѳгүлѳр сунуш кылынат:

- добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана үйүндѳ добуш берүү жѳнүндѳ арыз менен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуу;

- шайлоочу активдүү шайлоо укугун шайлоо участкасында добуш берген күнү жүзѳгѳ ашырууну каалаган учурда, шайлоо участкасына саат 18:00дон кийин келүү сунуш кылынат. 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>