Улуттук форумдун делегаттарына аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу боюнча КР БШК тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди

10 марта 2021

Бүгүн, 10-мартта, Бишкекте Кыргызстанда аялдар кыймылынын 95 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасындагы БУУ системасы уюштурган “Аялдар лидерлиги:жаңы доорго умтулуу”  улуттук форуму болуп ѳттү.

Улуттук форумдун темасы аялдардын абалы боюнча БУУнун Комиссиясынын 65-сессиясынын артыкчылыктуу темасы – “Аялдар жетекчилик кызматтарда: дүйнѳдѳгү COVID-19да бирдей жетишкендик” Эл аралык аялдар күнүнѳ карата улуттук компания менен үндѳшүп турат. Форумда кризистик шарттарда аялдардын лидерлиги жѳнүндѳ диалог болду (ѳлкѳдѳгү туруктуу эмес кырдаал – конституцияны ѳзгѳртүүгѳ аракеттер, башкаруу системасы – аялдардын укуктарын жана эркиндигини жүзѳгѳ ашыруунун оң жана терс жактары).

Форумда Кыргыз Республикасы 1994-жылы жарандык жана саясий укуктар жѳнүндѳ эл аралык пактына ратификациялагандыгы белгиленди, ошентип бирдей жарандык жана саясий укуктарды, добуш берүү жана шайлануу укугун камсыз кылууга, ошондой эле дискриминациядан бирдей коргоону камсыз кылууга  макул болду.  1996-жылдан баштап Кыргыз Республикасы аялдарга карата дискриминациянын бардык түрүн жоюу жѳнүндѳ Конвенцияны жана аракеттердин Пекин платформасын кошуп алганда,  адам укугу боюнча эл аралык документтердин негизинде адамдан укуктарын кеңейтүү, коргоо жаатында эл аралык милдеттенмени алган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстан аялдарга карата эл аралык милдеттенмелерди сактап жаткандыгы жѳнүндѳ маалымдады.

“Үстүбүздѳгү жылдын 11-апрелинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлѳт, шайлоодо биринчи ирет масштабдык деңгээлде аялдар үчүн 30% квотаны коргоо механизми колдонулат. 

Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы 2015-жылдан тартып ийгилктүү реформалоо жана демократташтыруу процессинде болууда. Бүгүнкү күндѳ бир катар ийгиликтер бар. 2018-2020-жылдарда шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарды ѳркүндѳтүүнүн стратегиясын  ишке ашыруу алкагында 2019-жылдан баштап саясатка аялдардын бирдей катышуусу үчүн мыйзам деңгээлинде шарттарды камсыз кылуу боюнча атайын чара катары айылдык кеңештердин аял депутаттары үчүн 30% квотаны резервдѳѳ каралган.

Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештердин деңгээлинде 2011-жылдан тартып талапкерлердин тизмесинде аял талапкерлер үчүн 30% резердѳѳ каралган. Бирок процессте, добуш бергенден кийин, аял депутаттар талапкерлердин тизмесинен “жуулуп чыга” баштаган.  Бул милдетти чечүү үчүн талапкерлерди каттоо этабында бул норманын сѳзсүз сакталышы боюнча шайлоодон кийин аялдардын квотасын сактоону коргоо максатында бир катар мыйзамдык чаралар кабыл алынды.

Мында айылдык кеңештер үчүн аялдар ѳкүлчүлүгүнүн деңгээли  ѳтѳ эле тѳмѳн. Айылдык кеңеш мажоритардык системада шайланат, ошондуктан бүгүнкү күндѳ ал жерде аялардын ѳкүлчүлүгү 11пайыздан  тѳмѳн.

Аялдар үчүн 30% квотаны резервдѳѳ жѳнүндѳ норма кабыл алынгандан кийин,  2019-жылдын 22-сентябрында болуп ѳткѳн Ысык-Кѳл облусунун Саруу айылдык кеңешинин дептуттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо учурунда аны колдонуунун ийгиликтүү тажрыйбасы бар. Баардыгы болуп 79 талапкер, анын ичинен 16 – аял талапкер  катталган. Квота боюнча айылдык кеңештин 21 дептутатынын ичинен 9 аял шайланган, бул депутаттардын жалпы санынын 42,85 % түзѳт.

Алдын ала талдоо боюнча ѳтүүчү шайлоолордун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештерге аялдардын ѳкүлчүлүгүнүн квотасын колдонуунун эсебинен 38% чейин кѳбѳйүүгѳ тийиш, бул жергиликтүү деңгээлде дээрлик тѳрт эсе ѳсүү дегенди билдирет.

Азыр активдүү шайлоо процесси жүрүүдѳ, аялдар жергиликтүү кеңештерге шайлануу жана жергиликтүү деңгээлдеги саясий процесстерге олуттуу таасир этүүнүн уникалдуу  мүмкүнчүлүктѳрүн алышууда. Ошону менен бирге аялдардын сандык жагынын ѳсүүсү сапаттык жана натыйжалуу ѳсүүгѳ айланышы үчүн комплекстүү чечимдер зарыл.

Стратегияда саясатка аялдардын катышуусун кеңейтүүнүн туруктуулугун камсыз кылууга багытталган окутуучу жана маалыматтык чаралар да каралган.  Эл аралык ѳнѳктѳрдүн – БУУ –Аялдар, БУУ Өнүктүрүү Программасы, ОБСЕ программалык офиси жана башкалардын колдоосунда, ошондой эле жарандык коомдун ѳкүлдѳрү менен тыкыс ѳз ара аракетте  маалыматтык-билим берүүчү иш-чаралар ѳткѳрүлүүдѳ”-деди ал.

Форумдун ишине бүткүл ѳлкѳнүн 100дѳн ашык лидер аялдары жана активистери, элчилер, жарандык коомдун мүчѳлѳрү жана эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү катышты.

Маалымат иретинде:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине ылайык жарандар активдүү жана пассивдүү шайлоо укугуна ээ.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесине ылайык, мамлекет мыйзамда белгиленген ар кайсы социалдык топтордун мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, анын ичинде чечим чыгаруу деңгээлинде өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзөт.

16-берене (4) Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ. (2) эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт.

Бир мандаттуу округдардан шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын гендердик курамын талдоо соңку 10 жылда депутат аялдардын үлүшү 24тѳн 11% чейин кыскарган.

Бүгүнкү күндѳ республика боюнча бардыгы болуп 448 жергиликтүү кеңеш бар, мандаттардын саны 8722 түзѳт, алардын ичинен 7783  (89,23%) эркек жана 933 (10,69%) аялдар түзѳт. Алардын ичинен

         - 31 шаардык кеңештерде: мандаттардын баары  879, алардын 709 (80,65%) эркектер жана  170 (19,3%) аялдар.

           - 453 айылдык кеңештерде: мандаттардын баары 7843, алардын ичинен  7125 (90,4%) эркектер жана  718 (9,6%) аял депутаттар.

Пропорционалдык система менен шайланган Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештердин деңгээлинде кѳптѳн бери эле саясий партиялардын бир жыныстагы талапкерлердин 70% ашык эмес ѳкүлчүлүгүн милдеттүү эсепке алуу тууралуу эреже колдонулуп келет, мында бир партиядан аялдар менен эркек талапкерлеринин тизмесиндеги кезектин айрымачылыгы Жогрку Кеңеште  - үч позициядан, шаардык кеңештерде эки позициядан ашпоого тийиш.

Айылдык кеңештерде аялдардын ѳкүлчүлүгүнүн тѳмѳн болушуна байланыштуу шайлоо мыйзамдарына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү аркылуу «атайын чараларды» кабыл алуу чечилген.

2018-2020-жылдарда шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарды ѳркүндѳтүүнүн стратегиясынын алкагында мыйзам чыгаруу чаралары тѳмѳндѳгү багыттарда жүзѳгѳ ашырылган:

1.Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн айылдык кеңештердин депутаттарынын 30% кем эмес мандаттары резервге алынат.

Аялдар үчүн резервге алынган мандаттардын саны тийиштүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот:

  • 1) 2 жана 3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;
  • 2) 4,5,6  мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;
  • 3) 7,8,9,10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;
  • 4) 11,12,13  мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;
  • 5) 14,15,16  мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат.

2. Гендердик квотаны сактоо боюнча коргоо чаралары – бошогон мандатты аялдан аялга ѳткѳрүп берүү механизми  кошулган:

Пропорционалдык системада шайланган депутаттын ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган учурда, анын мандаты кийинки катталган талапкерге тѳмѳндѳгүдѳй берилет:

- аял жынысындагы депутат ыйгарым укуктарын токтоткон учурда, аял жынысындагы талапкерлердин ичинен;

- эркек жынысындагы депутат ыйгарым укуктарын токтоткон учурда, эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен.

Талапкерлердин тизмесинде тийиштүү жыныстагы адам жок болгон учурда, депутаттын мандаты ошол эле тизмедеги кезек боюнча кийинки талапкерге берилет.

Резервдеги мандаттын негизинде мандат алган аял депутат ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон учурда, мандат тийиштүү шайлоо округунда шайлоочулардын добуштарынын кыйла кѳбүн алган аял депутатка берилет. Эгерде аял талапкерлер калбай калса, мандат калган талапкерлердин ортосунда бѳлүштүрүлѳт.

Мындан тышкары, гендердик квотаны сактоо талапкерлердин тизмесинен чыгуу  жана ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу (КР ЖК -2016-ж., жергиликтүү кеңештерге – 2019-ж.)  жѳнүндѳ арызды милдеттүү түрдѳ ѳзү келип берүү боюнча норманы, ощондой эле шаардык кеңешке кезексиз  талапкерге (2019-ж.) мандатты берүү жѳнүндѳ партия чечим кабыл алган учурда талапкерлер тарабынан каршы пикир жок болушун шайлоо комиссияларынын милдеттү түрдѳ эсепке алуусу тууралуу нормаларды кабыл алууга кѳмѳктѳштү.

Ошондой эле бир катар  жаңы жоболор шайлоо мыйзамдарына киргизилди, алар шайлоодо аялдардын укуктарын коргоону камсыз кылат, мапселен:

  • Депутаттын ыйгарым укуктарын билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун мамлекеттик же муниципалдык мекемелеринин жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга тыюу салуу алып салынды;
  • Депутаттыкка талапкерликке катталган күндѳн тартып 5 күндүн ичинде программасын сунуш кылат, ал КР БШК сайтына жарыяланат жана шайлоо участкалрына илинет.

КР БШК маалымат бѳлүмү