БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Кемелов Акыл Канатбековичке тапшырды
25 февраля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Кемелов Акыл Канатбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды.
БШК токтому менен Кемелов Акыл Канатбекович КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү