Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү күнүндө шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча маалымат

11 января 2021

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөрүү күнү 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна маалыматтар/билдирүүлөр келип түшкөн.

2021-жылдын 11-январына карай жалпысынан – 50 кайрылуу болгон.

Алардын ичинен:

  • Маалыматтарды каттоо журналында – 11;
  • Жоюлду - 13
  • Акт түзүлгөнү – 11
  • Кароодо – 5
  • Маалымат такталган жок – 10
  • Келип түшкөн 50 билдирүүдөн 14ү ИИМге текшерүүгө алуу үчүн жиберилген.