Башкы Жаңылыктар “Жолтоосуз жашоо үчүн” партиясынын мүчөлөрүнүн айткандары чындыкка дал …

“Жолтоосуз жашоо үчүн” партиясынын мүчөлөрүнүн айткандары чындыкка дал келбейт

16-Ноя, 2012

2012-жылдын 15-ноябрында «24 kg» маалыматтык агенттигинде өткөрүлгөн  пресс-конференциянын жүрүшүндө “Жолтоосуз жашоо үчүн” партиясынын төрагасы Мирбек Асангариев, ушул партиянын мүчөсү маалыматтык кампанияга 168 миллион сом бөлүнгөнүн, 30 пайыздан ашык эмес чыгымдалганын ал эми БШК шайлоолорду өткөрүүгө бөлүнгөндөрдү жашырып жаткандыгын билдиришкен.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары-БШК) 168 миллион сом жалаң кана маалыматтык кампанияны өткөрүүгө бөлүнгөн эместигин, буга 2012-жылдын 25-ноябрдагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого бөлүнгөндүгү да кире тургандыгын түшүндүрөт.

БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого чыгымдарды эч убакта жашырбайт. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө” БШКнын 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 103 токтому кабыл алынгандан кийин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүдөгү бюджеттик каражаттар боюнча 2012-жылга карата чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө” токтом жана тиркеме “Эркин Тоо” газетасынын 2012-жылдын 28-сентябрындагы №85 жарыяланган жана БШКнын сайтынын “Токтомдор” бөлүмүнө жайгаштырылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн партиянын мүчөлөрүнүн БШКнын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдарынын так эмес маалымдоолорун жайылткандыктарына байланыштуу БШК дагы бир жолу маалыматтарды окурмандардын көңүлүнө жеткирет (сом менен):

- эмгек акы – 31 031 400;

- Соцфондго чегерүү – 5 485 200;

- кызматтык сапарлар – 2 952 900;

- коммуналдык кызматтар – 3 668 000;

- транспорттук каражаттардын ижарасы – 4 545 000;

- транспорттук кызматтар – 6 086 200;

- Башкалар (бюллетендерди даярдоо, маркирлөө каражаттарын, картриджерди сатып алуу) – 114 852 600.

Бардыгы, чыгымдар сметасы 168 621 300 сомду түзөт.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12-Ноя, 2026

Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 12-ноябрда, Абылов Мамбетжунус Абылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Адылов Бакытбек Адылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
11-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:-    Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Н.К. Сапарбаева;-    Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Мощин жана каржы маселелери боюнча А.Б. Тологонова;-    Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж. Жээнтаев жана каржы маселелери боюнча А.А. Камчибеков.Белгилей кетсек, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>