Башкы Жаңылыктар БШК референдумда үгүт ишине катышуу үчүн ЖМКларды жана …

БШК референдумда үгүт ишине катышуу үчүн ЖМКларды жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөрдү

29-Дек, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 29-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) үгүт ишине катышуу үчүн 50 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет-басылманы аккредитациялоо жөнүндө токтом кылды:

Анын ичинде:

- 37 (отуз жети) жалпыга маалымдоо каражаты;

- 13 (он үч) интернет-басылма.

 

№

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын аталышы

  1.  

«ТРК НТС» НТС ЖЧК

  1.  

«ТРК НТС» ЖЧК «ЖАША» КАНАЛ

  1.  

«СТВ» ЧҮЙ ОБЛУСТУК МЕДИАБОРБОРУ

  1.  

«ПЯТЫЙ КАНАЛ» ЖАК

  1.  

КТРК / ОТРК

  1.  

«АЛА – ТОО 24» КТРК

  1.  

«МУЗЫКА» КТРК

  1.  

«МАДАНИЯТ ТАРЫХ ТИЛ» КТРК

  1.  

«КТРК СПОРТ»

  1.  

ТВ CINEMAXHD

  1.  

«ЛЮБИМЫЙ ТВ»

  1.  

«ЖАШТАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮСҮ-ЭМТВ» (ТЕЛЕ БРЕНД РЕНТВ-КЫРГЫЗСТАН)

  1.  

НАРЫН ОБЛУСТУК МЕДИАБОРБОРУ

  1.  

БАТКЕН ОБЛУСТУК МЕДИАБОРБОРУ

  1.  

«МЕДИАХОЛДИНГ «ПИРАМИДА» ЖЧК

  1.  

ТАЛАСОБЛУСТУК МЕДИАБОРБОРУ

  1.  

NEXT TV

  1.  

«ОШ ПИРИМ»

  1.  

«ЭЛ ТР» КР МТРК «БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ»

  1.  

«ЭЛ ТР» КР МТРК

  1.  

«ЕВРОПА ПЛЮС КЫРГЫЗСТАН»

  1.  

«КЫРГЫЗСТАН ОБОНДОРУ»

  1.  

«СҮЙҮНЧҮ ФМ»

  1.  

«РЕТРО ФМ»

  1.  

«БИРИНЧИ РАДИО» 104.1 ФМ

  1.  

«КЫРГЫЗРАДИОСУ» 106.9 ФМ

  1.  

«МИҢ КЫЯЛ ФМ» 103.7 ФМ

  1.  

«САНЖЫРА»

  1.  

«ПИРАМИДА» РАДИОСУ

  1.  

«NEXT FM»

  1.  

«ОШ ПИРИМ» РАДИОСТАНЦИЯСЫ

  1.  

«ЧУЙСКИЕ ИЗВЕСТИЯ»

  1.  

«ЧУЙ БАЯНЫ»

  1.  

«СЛОВО КЫРГЫЗСТАНА»

  1.  

«СУПЕР-ИНФО»

  1.  

БАТКЕН ТАҢЫ

  1.  

«ТАЛАС БАЙРАГЫ»

  1.  

ТРК «НТС» WWW.NTS.KG

  1.  

ЧҮЙ ОБЛУСТУК МЕДИАБОРБОРУ «СТВ» ИНТЕРНЕТ ПОРТАЛЫ

  1.  

“КАБАР” КУМА WWW.KABAR.KG

  1.  

WWW.SUPERTV.KG

  1.  

WWW.BAROMETR.KG

  1.  

WWW.24.KG

  1.  

МИА «WWW.GOVORITV»

  1.  

WWW.SUPER.KG

  1.  

WWW.VESTI.KG

  1.  

WWW.SONKUKABARLAR.KG

  1.  

WWW.AKIPRESS.ORG

  1.  

WWW.OSHPIRIM.KG

  1.  

WWW.KTRK.KG САЙТЫ (КТРК)

 

Токтом Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө) үгүт ишине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун сунушун эске алып, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20, 25, 26-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарына жана 18-беренесине ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>