Башкы Жаңылыктар 2020-жылдын 25-декабрга карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин …

2020-жылдын 25-декабрга карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

26-Дек, 2020

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 25-декабрга банк маалыматтарынын негизинде 18 талапкердин шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.

 

№ и/м

КР Президенттигине талапкердин Ф.А.А

Келип түштү

Чыгымдалды

1

Жапаров Садыр Нургожоевич

51 461 000

50 439 859

2

Исаев Канатбек Кедейканович

1 237 000

1 165 815

3

Арстанбек Мыктыбек

1 117 000

1 115 750

4

Сооронкулова Клара Сыргакбековна

1 128 650

 1 020 370

5

Ташов Имамидин Асамидинович

4 924 600

3 685 510

6

Тагаев Рашид Бакирович

3 722 500

3 156 577

7

Сегизбаев Абдил Кенешевич

3 759 910

3 632 305

8

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

2 627 100

2 612 826

9

Касенов Аймен Абдыталипович

3 572 805

3 506 593

10

Кочкоров Улукбек Тойчубаевич

1 387 250

1 343 950

11

Байгуттиев Женишбек Сейтбекович

3 337 850

2 827 816

12

Абакиров Эльдар Курманбекович

1 551 943

1 502 831

13

Асанов Курсан Сатарович

2 571 676

2 424 702

14

Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич

2 285 000

1 577 781

15

Джеенбеков Равшан Бабырбекович

2 338 000

2 316 293

16

Калмаматов Бактыбек Орозалиевич

1 419 020

1 350 465

17

Тольбаев Бабыржан Латиханович

14 224 572

9 264 488

18

Иманалиев Каныбек Капашович

1 797 568

1 696 815

Бардыгы:

104 463 444

94 640 746

Толугураак маалымат шилтеме аркылуу 

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргызстанда шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өттү
02-Ноя, 2026

Кыргызстанда шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өттү

2026-жылдын 20-октябрынанан 29-октябрга чейин Бишкек, Нарын, Талас, Каракол шаарларында жана Чүй облусунда жарандардын айрым категорияларынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер жана координациялык жолугушуулар өттү. Аларды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобу уюштурду.Тренингдердин максаты - адистердин билимин жана тажрыйбасын жогорулатуу, ошондой эле жарандардын ар кандай категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу жана жеткиликтүү катышуусуна шарт түзүү. 2027-жылдын январь айында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду.Тренингдердин жүрүшүндө мамлекеттик органдар менен шайлоо комиссияларынын өз ара кызматташуусу, санариптик кызматтардын мүмкүнчүлүктөрү жана «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждыктарынын картасы» автоматташтырылган системасынын иштеши талкууланды.Ошондой эле аскер кызматкерлеринин, камак жайлардагы адамдардын жана социалдык мекемелердин камкордугундагы жарандардын добуш берүүсүн уюштуруунун өзгөчөлүктөрү каралды. Шайлоочуларга маалымат берүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоо участкасынан тышкары добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнүн жашыруундугун сактоо маселелерине көңүл бурулду. Айрым категориядагы жарандар үчүн маалыматтын жеткиликтүү болушу да өзүнчө талкууланды.Мындан тышкары, шайлоо укуктарын коргоонун укуктук кепилдиктерин жана практикалык механизмдерин күчөтүү маселеси каралды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын, аскер кызматкерлеринин, ошондой эле жарым-жартылай жабык жана жабык мекемелердеги адамдардын шайлоого катышуусуна тоскоол болгон жагдайларды жоюу жолдору талкууланды.Жолугушуулардын жыйынтыгында адистер мамлекеттик органдар менен шайлоо комиссияларынын натыйжалуу кызматташуусу, шайлоонун бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болушуна тоскоолдук жараткан көйгөйлөр тууралуу билимдерин тереңдетишти. Алган билимдери жана материалдары аларга президенттик шайлоонун алдында кесиптештери үчүн маалыматтык жана окутуу иш-чараларын өз алдынча өткөрүүгө жардам берет.Ошондой эле адистер эл аралык байкоочулардын ролу, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) жана башка уюмдардын байкоочу миссияларынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты.Бардык аймактарда тренингдерди жана координациялык жолугушууларды өткөрүүгө КР БШКнын атайын өкүлдөрү активдүү көмөк көрсөтүштү.Тренингдерге жана координациялык жолугушууларга жалпысынан 260тан ашык адис катышты. Алардын арасында шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык жана стационардык мекемелердин, саламаттык сактоо уюмдарынын, Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү болду.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
30-Окт, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:- Эсенбеков Азамат Эсенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча С. Довлотов жана каржы маселелери боюнча Г.Б. Абылова;- Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча Т.М. Айдаралиева.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-октябрда өз жыйынында Жайыл, Москва, Ноокат, Ош, Өзгөн, Аксы, Сузак, Ноокен, Жети-Өгүз, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.         • Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Турсунбекова Бурулкан Курамаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумабек уулу Максатка өткөрүлүп берилди;   *     Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Сейткулов Аскар Садыковичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сулайманов Маратбек Бейшеновичке  өткөрүлүп берилди;   *     Ноокат районунун Н. Исанов айылдык  кеңешинин депутаты Маматилла уулу Канназардын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сыдыков Маматали Надировичке   өткөрүлүп берилди;* Ош шаардык  кеңешинин депутаты Кулдышева Гүлсара Кенжеевнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, кийинки талапкер Тултемирова Гульфина Токтомушевнага (“Жаңы-Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн шаардык  кеңешинин депутаты Низамидинова Манзурахан Гуламидиновнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Юлдашбаев Сирожиддин Хасанбаевичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн шаардык  кеңешинин депутаты Закирова Барно Абытовнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тажибаев Абдрахмон Рахматжоновичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин депутаты Эралиев Эгемберди Миталиповичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдибаитов Ниязбек Назаралиевичке өткөрүлүп берилди;* Аксы районунун Кара-Камыш айылдык кеңешинин депутаты Кенжегулов Абдылдабек Кенжегуловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырзабеков Жеңишбек Алыбековичке өткөрүлүп берилди;* Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Калимбетов Туратбек Каримовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Тилекеев Ибраим Базарбаевичке өткөрүлүп берилди;* Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин депутаты Нурматов Талантбек Таалайбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жолдошов Мирлан Ибрагимжановичке өткөрүлүп берилди;* Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Шаймолдоев Бакытбек Сагынбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бектенов Эрлан Ишенбаевичке өткөрүлүп берилди;* Баткен шаардык кеңешинин депутаты Шарапова Майсарахан Жаркынбаевнанын (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдразакова Мубаракхан Жолдошовнага (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты Муратов Бактыбек Нишановичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Айбашов Анарбай Орозовичке өткөрүлүп берилди;* Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты Козуева Бүажар Абазовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңешинин депутаты Хакимов Музаффаржон Турсуналиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Саидов Зайдулло Камчинбековичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
30-Окт, 2026

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 22-беренелерине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Кабыл алынган токтомдун негизинде айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:Тиркеме
Кененирээк билүү >>