Бишкекте шайлоодо добуштарды сатып алууга каршы аракеттердин эл аралык жана улуттук тажрыйбасы талкууланды
25 декабря 2020
Бүгүн, 25-декабрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы менен USAID колдоосунда Шайлоо системасынын эл аралык фондунун ѳкүлчүлүгү (IFES) уюштурган “Шайлоо мыйзамдарындагы добуштарды сатып алуу: Эл аралык жана улуттук тажрыйба” темасында тегерек стол болду.
Иш-чарага БШКнын, укук коргоо органдарынын, эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү катышты.
КР БШК тѳрагасы Н. Шайлдабекова добуштарды сатып алууга каршы аракеттенүүнүн маанисин баса белгиледи.
“Добуштарды сатып алуу шайлоочулардын ѳз эркин билдирүүсүнѳ таасир тийгизген опурталдуу факторлордун бири болуп саналат. Соңку шайлоолордо биз сатып алуунун кесепеттери канчалык кейиштүү болгонун кѳрдүк. Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын реформалоо процессинде добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда анын аныктыгына жетише алсак дагы, нааразы болгон коом шайлоонун жыйынтыгын кабыл алган жок. Сатып алуу кѳйгѳйүнүн чечилбей жатышы шайлоолордун аныктыгын жана ачык-айкындыгын жайылтууга багытталган реформанын башка компоненттерин ѳнүктүрүү баалуулугун жокко чыгарышы мүмкүн. Соңку парламенттик шайлоодо Кыргыз Республикасында дал мына ушундай болду.
Сатып алуулар биздин ѳлкѳдѳ ѳзүнүн мүнѳзү жана мазмуну дайыма ар түрдүү болуп келди. Анын эволюцияланып жатканын көрдүк: анык таза шайлоолор ѳткѳрүлбѳгѳн жылдарда шайлоонун натыйжаларына тике таасир эткен комиссиялар, башка административдик органдар сатып алуулардын объектиси болуп келсе, 2015-жылы шайлоонун жаңы модели киргизилгенден кийин шайлоолордун айкындыгы улам жогорулаган сайын шайлоочу сатып алуунун объектисине айланды.
Ар бир добуш эсепке алынарын, муну жарандык кѳзѳмѳлдүн киргизилген бир катар ѳбѳлгѳлѳрү менен текшерсе боло тургандыгын жарыя кылганыбызда, шайлоонун жыйынтыгын элдин ѳзү аныктаган эл бийлигин жүзѳгѳ ашырдык деп эсептегенбиз, мына ушундай шартта шайлоочунун добушу ыймансыз талапкерлер үчүн баалуу товарга айланды. Ошондуктан шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү стратегиясын жүзѳгѳ ашыруунун алкагында добуштарды сатып алуулар, жабыркагандардын арыздарынын негизинде иликтенүүчү жеке мүнѳздѳгү кылмыштын категориясынан шайлоо аркылуу эл бийлигин жүзѳгѳ ашыруу процессин бүлүндүрүүчү кылмыштын жеке-ачык мүнѳздѳгү категориясына ѳттү. Биз сатып алуу үчүн санкцияны, кылмыштын мүнѳзүнүн ѳзүн ѳзгѳрттүк, добуштарды сатып алуу үчүн жоопко тартылуучу субъекттердин алкагын кеңейттик”- деп белгиледи ал.
БШКнын башчысы Кыргыз Республикасында шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы аракеттенүү үчүн зарыл болгон бардык компоненттер эске алынган укуктук негиз бар экендигин белгиледи.
“КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого, андан кийин жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке шайлоолорго даярдануу менен, мыкты укуктук базаны натыйжалуу практикалык иштер менен айкалыштыруу аркылуу добуштарды сатып алууга каршы аракеттердин комплекстүү системасын түзүү маанилүү. Анткени шайлоолор аркылуу биз ѳтѳ маанилүү институттарды түзүп жатабыз.” – деди ал.
Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системасынын эл аралык фондусунун ѳкүлчүлүгүнүн (IFES) директору Ренаты Левовскинин сѳзү боюнча, укукту жүзѳгѳ ашыруу ишинин идеалдуу модели жок.
Ар бир ѳлкѳгѳ ѳзүнчѳ кайталангыс саясий, социалдык, экономикалык шарттар мүнѳздүү келет, алар добуштарды сатып алууга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды түзүүгѳ таасир этет. Бирок Кыргызстан катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди жана конвенцияларды да эске алуусу зарыл.
Кыргызстан 2005-жылы эле ратификациялаган коррупцияга каршы күрѳш боюнча БУУнун Конвенциясынын 67-беренеси дал ушул ачык-айкындыкка кѳмѳктѳшүү темасына арналган жана мамлекеттерди саясий партияларды жана талапкерлерди каржылоо процессинин ачык-айкындыгын жогорулатууга багытталган мыйзамдык чараларды кабыл алууга чакырган. Эл аралык тажрыйбалардан чыгуу менен, мыйзам чыгаруу, аткаруу органдарын, ошондой эле мыйзамдардын тыкыр аткарылышын кѳзѳмѳлдѳп турган жарандык коомду тартуу менен ушул кѳйгѳйдү комплекстүү түрдѳ гана чечсе болот,” – деди ал.
БШК мүчѳсү Тынчтык Шайназаров добуштарды сатып алууларга каршы аракеттенүү боюнча КР БШКнын ыкчам таасир этүүчү координациялык тобунун ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жѳнүндѳ баяндады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык, шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам таасир этүү жана жарандарды маалымдоо максатында шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам таасир этүүчү координациялык топтор түзүлгѳн. Булар БШКнын алдындагы ыкчам таасир этүүчү координациялык топ жана 54 аймактык шайлоо комиссияларындагы ыкчам таасир этүүчү координациялык топтору. Топтордун курамына шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, прокуратура, ИИМ, УКМК органдарынын ѳкүлдѳрү киришкен. Координациялык топтордун иш-аракеттеринин алгоритми иштелип чыккан. Маалыматтар келип түшүүчү каналдар – телефон, WhatsApp ж.б. камсыз кылынган. 2020-жылдын 24-декабрына карата “Жарандык платформа” КФ менен бирдикте мыйзамдардын бузулушуна таасир этүү боюнча 16 окутуу тренинги ѳткѳрүлдү. Прокуратура органдарынын 300 кызматкери, ИИМдин 500 кызматкери окуудан ѳтүштү,” – деп белгиледи ал.
Катышуучулар добуштарды сатып алуу кѳйгѳйүн ар түрдүү кѳз карашта, анын ичинде эл аралык тажрыйбаны талкуулашып, Кыргыз Республикасындагы азыркы кырдаалды талдоого алышты.
КР БШК маалымат бѳлүмү