Башкы Жаңылыктар Бишкекте шайлоодо добуштарды сатып алууга каршы аракеттердин эл …

Бишкекте  шайлоодо добуштарды сатып алууга каршы аракеттердин эл аралык жана улуттук тажрыйбасы талкууланды

25-Дек, 2020

Бүгүн, 25-декабрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы менен USAID колдоосунда Шайлоо системасынын эл аралык фондунун ѳкүлчүлүгү (IFES) уюштурган  “Шайлоо мыйзамдарындагы добуштарды сатып алуу:  Эл аралык жана улуттук тажрыйба” темасында тегерек стол болду.

Иш-чарага БШКнын, укук коргоо органдарынын, эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү катышты.

КР  БШК тѳрагасы Н. Шайлдабекова добуштарды сатып алууга каршы аракеттенүүнүн маанисин баса белгиледи.

“Добуштарды сатып алуу шайлоочулардын ѳз эркин билдирүүсүнѳ таасир тийгизген  опурталдуу  факторлордун бири болуп саналат. Соңку шайлоолордо биз сатып алуунун кесепеттери канчалык кейиштүү болгонун кѳрдүк. Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын реформалоо процессинде добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда анын аныктыгына жетише алсак дагы, нааразы болгон коом шайлоонун жыйынтыгын кабыл алган жок. Сатып алуу кѳйгѳйүнүн чечилбей жатышы шайлоолордун аныктыгын  жана ачык-айкындыгын жайылтууга багытталган реформанын башка компоненттерин ѳнүктүрүү баалуулугун жокко чыгарышы мүмкүн. Соңку парламенттик шайлоодо Кыргыз Республикасында дал мына ушундай болду.

Сатып алуулар биздин ѳлкѳдѳ ѳзүнүн мүнѳзү жана мазмуну дайыма ар түрдүү  болуп келди. Анын эволюцияланып жатканын көрдүк: анык таза шайлоолор ѳткѳрүлбѳгѳн жылдарда шайлоонун натыйжаларына тике таасир эткен комиссиялар, башка административдик органдар  сатып алуулардын объектиси болуп келсе, 2015-жылы шайлоонун  жаңы модели киргизилгенден кийин шайлоолордун айкындыгы  улам жогорулаган сайын шайлоочу сатып алуунун объектисине айланды.

Ар бир добуш эсепке алынарын, муну жарандык кѳзѳмѳлдүн киргизилген бир катар ѳбѳлгѳлѳрү менен текшерсе боло тургандыгын жарыя кылганыбызда, шайлоонун жыйынтыгын элдин ѳзү аныктаган эл бийлигин жүзѳгѳ ашырдык деп эсептегенбиз, мына ушундай шартта шайлоочунун добушу ыймансыз талапкерлер үчүн  баалуу товарга айланды. Ошондуктан шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү стратегиясын жүзѳгѳ ашыруунун алкагында добуштарды сатып алуулар, жабыркагандардын арыздарынын негизинде иликтенүүчү жеке мүнѳздѳгү кылмыштын категориясынан шайлоо аркылуу эл бийлигин жүзѳгѳ ашыруу процессин бүлүндүрүүчү кылмыштын жеке-ачык мүнѳздѳгү категориясына ѳттү. Биз сатып алуу үчүн санкцияны, кылмыштын мүнѳзүнүн ѳзүн ѳзгѳрттүк, добуштарды сатып алуу үчүн жоопко тартылуучу субъекттердин алкагын кеңейттик”- деп белгиледи ал.

БШКнын башчысы Кыргыз Республикасында шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы аракеттенүү үчүн зарыл болгон бардык компоненттер эске алынган укуктук негиз бар экендигин белгиледи.

“КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого, андан кийин жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке шайлоолорго даярдануу менен, мыкты укуктук базаны натыйжалуу практикалык иштер менен айкалыштыруу аркылуу добуштарды сатып алууга каршы аракеттердин комплекстүү системасын түзүү маанилүү.  Анткени шайлоолор аркылуу биз ѳтѳ маанилүү институттарды түзүп жатабыз.” – деди ал.

Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системасынын эл аралык фондусунун ѳкүлчүлүгүнүн (IFES) директору Ренаты Левовскинин сѳзү боюнча,  укукту жүзѳгѳ   ашыруу ишинин идеалдуу модели жок.

Ар бир ѳлкѳгѳ ѳзүнчѳ кайталангыс саясий, социалдык, экономикалык шарттар мүнѳздүү келет, алар добуштарды сатып алууга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды  түзүүгѳ таасир этет. Бирок Кыргызстан катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди жана конвенцияларды  да эске алуусу зарыл.

Кыргызстан 2005-жылы эле ратификациялаган коррупцияга каршы күрѳш боюнча БУУнун Конвенциясынын 67-беренеси дал ушул ачык-айкындыкка кѳмѳктѳшүү темасына арналган жана мамлекеттерди саясий партияларды жана талапкерлерди каржылоо процессинин ачык-айкындыгын жогорулатууга багытталган мыйзамдык чараларды кабыл алууга чакырган. Эл аралык тажрыйбалардан чыгуу менен, мыйзам чыгаруу, аткаруу органдарын, ошондой эле мыйзамдардын  тыкыр аткарылышын кѳзѳмѳлдѳп турган жарандык коомду тартуу менен ушул  кѳйгѳйдү комплекстүү түрдѳ гана чечсе болот,” – деди ал.

БШК мүчѳсү Тынчтык Шайназаров добуштарды сатып алууларга каршы аракеттенүү боюнча КР БШКнын ыкчам таасир этүүчү координациялык тобунун ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жѳнүндѳ баяндады.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык, шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам таасир этүү жана жарандарды маалымдоо максатында шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам таасир этүүчү координациялык топтор түзүлгѳн. Булар БШКнын алдындагы ыкчам таасир этүүчү координациялык топ жана 54 аймактык шайлоо комиссияларындагы ыкчам таасир этүүчү координациялык топтору. Топтордун курамына шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, прокуратура, ИИМ, УКМК органдарынын ѳкүлдѳрү киришкен. Координациялык топтордун иш-аракеттеринин алгоритми  иштелип чыккан. Маалыматтар келип түшүүчү каналдар – телефон, WhatsApp  ж.б. камсыз кылынган. 2020-жылдын 24-декабрына карата “Жарандык платформа”  КФ менен бирдикте мыйзамдардын бузулушуна таасир этүү боюнча 16 окутуу тренинги ѳткѳрүлдү. Прокуратура органдарынын 300 кызматкери, ИИМдин 500 кызматкери окуудан ѳтүштү,” – деп белгиледи ал. 

Катышуучулар добуштарды сатып алуу кѳйгѳйүн ар түрдүү кѳз карашта, анын ичинде эл аралык тажрыйбаны талкуулашып, Кыргыз Республикасындагы азыркы кырдаалды талдоого алышты.

КР   БШК маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>