БШК талапкерди колдоп берилген шайлоочулардын анык кол тамгаларынын санынын жетишсиздигине байланыштуу К.А. Чороевди каттоодон баш тартты
14 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-декабрындагы жыйынында талапкерди колдоп берилген шайлоочулардын анык кол тамгаларынын санынын жетишсиздигине байланыштуу К.А. Чороевди каттоодон баш тартуу тууралуцу чечим кабыл алды.
3-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.А. Чороевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 39 053 сандагы кол тамгасы камтылган кол коюу барактары тапшырылган.
Конституциялык Мыйзамдын 52-беренесинин 2-бөлүгүнѳ ылайык, “Кол чогултуу талапкердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Кол коюу барактарын даярдоо жана кол чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу кол коюу барактарын даярдоо акысы төлөнгөн күндөн тартып башталат”.
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун маалыматына ылайык, полиграфиялык кызмат кѳрсѳтүү тууралуу 2020-жылдын 2-декбарындагы келишимге жараша тѳлѳѳ эсебине ылайык 12 250 сом суммасындагы каражат кол коюу барактарын даярдоого талапкер К.А. Чороевдин шайлоо фондусунан 2020-жылдын 3-декабрында жүргүзүлгѳн.
Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.А. Чороевди колдогон 39 053 кол тамга камтылган 46 кол коюу барактары шайлоо фондусунан кол коюу барактарына акы тѳлѳнгѳн күнгѳ чейин даярдалгандыгы белгилүү болгон.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Чороев Кубан Аманбековичтин кол коюу барактары жѳнүндѳ” Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрындагы № 287 чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.А. Чороевдин шайлоо фондусунун каражаттарынан кол коюу барактарын даярдоого акы тѳлѳнгѳн күнгѳ чейин даярдалган кол коюу барактары анык эмес деп таанылган. Демек шайлоочулардын кол тамгалары анык эмес деп таанылган.
2020-жылдын 10-декабрында К.А. Чороев “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Чороев Кубан Аманбековичтин кол коюу барактары жѳнүндѳ” Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрындагы № 287 чечимин мыйзамсыз деп таануу жана жокко чыгаруу жѳнүндѳ Бишкек шаарынын Административдик сотуна административдик доо менен кайрылган.
Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2020-жылдын 12-декбарындагы чечими менен “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Чороев Кубан Аманбековичтин кол коюу барактары жѳнүндѳ” Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрындагы № 287 чечимин жокко чыгаруу тууралуу К.А. Чороевдин арызын канаатандыруудан баш тартылган.
КР АПК 203-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык “Соттун чечими ал чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана аны мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, шайлоо комиссиялары жана алардын кызмат адамдары аткарууга милдеттүү”.
Мыйзамдарда белгиленген шайлоочулардын анык кол тамгаларынын санын бербегендигине байланыштуу, конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 2-пунктуна ылайык К.А. Чороевди КР Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартылган.
