Башкы Жаңылыктар КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 18 …

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 18 талапкерди каттады

12-Дек, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 12-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна төмөнкү 18 талапкерди каттады:
1. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
2. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
3. Исаев Канатбек Кедейканович;
4. Тагаев Рашид Бакирович;
5. Байгуттиев Женишбек Сейтбекович;
6. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
7. Касенов Аймен Абдыталипович;
8. Арстанбек Мыктыбек;
9. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
10. Ташов Имамидин Асамидинович;
11. Асанов Курсан Сатарович;
12. Иманалиев Каныбек Капашович;
13. Джеенбеков Равшан Бабырбекович;
14. Абакиров Эльдар Курманбекович;
15. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
16. Тольбаев Бабыржан Латиханович;
17. Сегизбаев Абдил Кенешевич;
18. Жапаров Садыр Нургожоевич.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер мыйзамдарга ылайык төмөнкү документтерди тапшырышты:
- өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арыз;
- мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат;
- 1 млн. сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн бышыктоочу
документтер;
- талапкерди колдогон шайлоочулардын 30 миңден кем эмес
колтамгалары;
- биографиялык маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө
маалыматтардын формасы.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 8-бөлүгүнүн, “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү
тартиби жөнүндө” Нускаманын 48-пунктунун негизинде коюлган колдордун аныктыгын текшерүү КР Президентине талапкерге зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин жүргүзүлөт.
Жумушчу топтун маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын
Президентинин кызмат ордуна жогоруда аталган бардык талапкерлерде 30 миң ишенимдүү колтамгалар бар экендиги аныкталды.
КР БШКнын токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 18 талапкер катталды, аларга күбөлүктөр берилди.

КР БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
30-Окт, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:- Эсенбеков Азамат Эсенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча С. Довлотов жана каржы маселелери боюнча Г.Б. Абылова;- Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча Т.М. Айдаралиева.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-октябрда өз жыйынында Жайыл, Москва, Ноокат, Ош, Өзгөн, Аксы, Сузак, Ноокен, Жети-Өгүз, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.         • Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Турсунбекова Бурулкан Курамаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумабек уулу Максатка өткөрүлүп берилди;   *     Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Сейткулов Аскар Садыковичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сулайманов Маратбек Бейшеновичке  өткөрүлүп берилди;   *     Ноокат районунун Н. Исанов айылдык  кеңешинин депутаты Маматилла уулу Канназардын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сыдыков Маматали Надировичке   өткөрүлүп берилди;* Ош шаардык  кеңешинин депутаты Кулдышева Гүлсара Кенжеевнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, кийинки талапкер Тултемирова Гульфина Токтомушевнага (“Жаңы-Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн шаардык  кеңешинин депутаты Низамидинова Манзурахан Гуламидиновнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Юлдашбаев Сирожиддин Хасанбаевичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн шаардык  кеңешинин депутаты Закирова Барно Абытовнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тажибаев Абдрахмон Рахматжоновичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин депутаты Эралиев Эгемберди Миталиповичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдибаитов Ниязбек Назаралиевичке өткөрүлүп берилди;* Аксы районунун Кара-Камыш айылдык кеңешинин депутаты Кенжегулов Абдылдабек Кенжегуловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырзабеков Жеңишбек Алыбековичке өткөрүлүп берилди;* Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Калимбетов Туратбек Каримовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Тилекеев Ибраим Базарбаевичке өткөрүлүп берилди;* Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин депутаты Нурматов Талантбек Таалайбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жолдошов Мирлан Ибрагимжановичке өткөрүлүп берилди;* Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Шаймолдоев Бакытбек Сагынбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бектенов Эрлан Ишенбаевичке өткөрүлүп берилди;* Баткен шаардык кеңешинин депутаты Шарапова Майсарахан Жаркынбаевнанын (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдразакова Мубаракхан Жолдошовнага (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты Муратов Бактыбек Нишановичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Айбашов Анарбай Орозовичке өткөрүлүп берилди;* Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты Козуева Бүажар Абазовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңешинин депутаты Хакимов Музаффаржон Турсуналиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Саидов Зайдулло Камчинбековичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
30-Окт, 2026

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 22-беренелерине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Кабыл алынган токтомдун негизинде айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:Тиркеме
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринин толуктады
30-Окт, 2026

КР БШКсы Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринин толуктады

Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Касымбекова Бегайым Каныбековна, Рысалиев Дуйшонбек Сайникеевич, Алтыбаева Аида Сагынбековна, Турдиева Жыпаркүл Курманбековна, Шаабаева Айнагуль Абдулказиевна, Айтбаева Гулукан Токтоналиевна, Шамшидинов Кубанычбек Рыскулович киргизилди.Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын резерви жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Абдуназарова Муяссархон Сайдаматовна жана Худайбердиев Икрамжан Рахимбердиевич менен толукталды.
Кененирээк билүү >>