Данияр Шакирбаев Кара-Балта шаарынын мэри болуп шайланды
06 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-декабрдагы жыйынында 2020-жылдын 30-ноябрында Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын бекитүү токтомун кабыл алды. Мэр шайлоону өткөрүү КР Боршайкомунун 2020-жылдын 11-ноябрдагы &300-токтому менен дайындалган.
Кара-Балта шаарынын мэрлик кызматына 3 талапкер - "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан" Бакыт Раманкулов, "ЭлАман" фракциясынан Таалайбек Суюмбаев жана "Мекеним Кыргызстан" фракциясынан Данияр Шакирбаев көрсөтүлгөн.
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 30-ноябрдагы протоколу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталды. Добуш берүүгө Кара-Балта шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышкан. Бакыт Раманкулов 0 добуш, Таалайбек Суюмбаев 13 добуш, ал эми Данияр Шакирбаев 18 добушка ээ болгон. "Бардыгына каршы" позициясына 0 добуш болду.
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 30-ноябрдагы протоколу боюнча Данияр Баяманович Шакирбаев Кара-Балта шаарынын мэри болуп шайланды.
Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоого арыздар, даттануулар түшкөн жок.
БШК тарабынан бул чечим 30-ноябрдагы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелеринин, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 43-беренесинин негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү