Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү этабынын жыйынтыгы чыгарылды
25 ноября 2020
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү этабынын жыйынтыгы чыгарды жана көрсөтүлгөн 47 талапкердин маалыматтарын жарыялады.
2020-жылы 14-ноябрда саат 23түн 59 мүнөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү этабы аяктады жана 2020-жылдын 14-ноябрына карата абал боюнча КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү жөнүндө 65 жарандан арыз келип түшкөн (8-аял жана 57 эркек). Алардын ичинен 64 жаран өзүн өзү көрсөтүү тартибинде жана 1 жаран саясий партия тарабынан көрсөтүлүп (С.А. Турдумалиев «Улутман» Республикалык партиясынан) документтерин берген.
Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү үчүн талапкер же талапкерди көрсөткөн саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына конституциялык мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык арыз менен бирге документтерди беришет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүү жөнүндө арыз бергендердин ичинен:
- мамлекеттик мекемелерде иштегендери – 5;
- коммерциялык эмес уюмдарда - 30;
- КР ЖК депутаттары – 3;
- убактылуу иштебегендер – 24;
- пенсионерлер – 3.
Курак категориясы:
- 35 жаштан 45 жашка чейин – 31;
- 45 жаштан 55 жашка чейин – 30;
- 55 жаштан 65 жашка чейин - 4.
Кыргыз Республикасыныни Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ тарабынан ыйгарым укуктуу органдардын расмий маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана конституциялык мыйзамында белгиленген талаптарга талапкерлердин документтеринин ылайыктуулугун текшерүү жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык «Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат».
Көрсөтүлгөн бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын жарандыгы жана курагы боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык келет.
9 талапкер (Зарипова А. А., Араева А. М., Акжолтоев Т.А., Лилиенталь Ю.В., Капаров Ч. К., Искендеров Ж. У., Клипачева Е. С., Аджиматов С. А., Базаркулов К. Д. мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат берген эмес.
Конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык: «Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.».
Конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык «Соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз».
3 талапкердин соттуулугу жоюлбагандыгы (Асанов Б. Ж., Кадыров К. Б., Мотуев Н. А. – жоюлбаган соттуулугу бар жана соттун өкүмүнүн негизинде жаза мөөнөтүн өтөөдө) аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан, Кыргыз Республикасмынын Мамлекеттик чек ара кызматынан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынан алынган маалыматтардын, ошондой эле «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аркеттенүү системасы аркылуу алынган маалыматтардын негизинде көрсөтүлгөн 50 талапкерге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө маалымкат берилген.
КР БШКнын 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 273 чечими менен төмөнкү 12 талапкерге документтерин кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алган:
- 3 талапкерге – конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүндө каралган негиздер боюнча (Асанов Б.Ж., Кадыров К.Б. жана Мотуев Н.А.);
- 9 талапкерге – конституциялык мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 51-беренесинде каралган негиздер боюнча (Зарипова А,А., Араева А. М., Акжолтоев Т.А., Лилиенталь Ю.В., Капаров Ч. К., Искендеров Ж. У., Клипачева Е. С., Аджиматов С. А., Базаркулов К. Д.).
2020-жылдын 24-ноябрындагы абал боюнча 6 талапкерден (Бакетаев Б.К., Тургуналиев Ж.Т., Исмаилова К.Дж., Кайыпов М.Т., Мадинов О.К., Жумабеков Т. Т.) КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз келип түшкөн.
2020-жылдын 24-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна бардыгы 47 талапкер көрсөтүлдү:
№
|
Ф.А.А. |
Көрсөтүү субъектиси |
1 |
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
2 |
Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
3 |
Нышанов Назарбек Айтбекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
4 |
Чороев Кубан Аманбекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
5 |
Исаев Канатбек Кедейканович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
6 |
Сыдыков Абдыкаар Токтобекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
7 |
Турдумалиев Сазыкбай Абдрахманович |
"Улутман" Республикалык партиясы” саясий партиясы |
8 |
Тагаев Рашид Бакирович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
9 |
Байгуттиев Женишбек Сейтбекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
10 |
Сооронкулова Клара Сыргакбековна |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
11 |
Касенов Аймен Абдыталипович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
12 |
Эсенбеков Азамат Эсенбекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
13 |
Турдубекова Элеонора Маратовна |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
14 |
Шер-Нияз Садык |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
15 |
Кабылбеков Урустам Кубанычбекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
16 |
Товкеев Ильгиз Шамшытбекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
17 |
Камчиев Жамбылбек |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
18 |
Арстанбек Мыктыбек |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
19 |
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
20 |
Уметалиева Токтайым Джумаковна |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
21 |
Малиев Арсланбек Касымакунович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
22 |
Болгомбаев Медер Кадыркулович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
23 |
Романов Бакыт Асылбекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
24 |
Ташов Имамидин Асамидинович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
25 |
Бакируулу Турсунбай |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
26 |
Асанов Курсан Сатарович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
27 |
Токтогулов Ербол Бекинович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
28 |
Ормуков Темирлан Иниятович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
29 |
Иманалиев Каныбек Капашович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
30 |
Тукунов Акжолтой Шакирбекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
31 |
Джеенбеков Равшан Бабырбекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
32 |
Эркетаев Айбек Шарабидинович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
33 |
Энназаров Санжарбек Арзыкулович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
34 |
Сүйүналиев Жаныбек Курманканович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
35 |
Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
36 |
Темишов Базарбай |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
37 |
Жумагулов Бакытбек Сатымбайевич |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
38 |
Керимбеков Бакыт Макенович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
39 |
Абакиров Эльдар Курманбекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
40 |
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
41 |
Токтосунов Кубанычбек Абдышевич |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
42 |
Маматов Адилет Джанышбекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
43 |
Тольбаев БабыржанЛатиханович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
44 |
СегизбаевАбдил Кенешевич |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
45 |
Калыбеков Мирлан Калыбекович |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
46 |
Ибраев Саматбек Кулукеевич |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
47 |
Жапаров Садыр Нургожоевич |
Өзүн-өзүн көрсөтүү |
БШК маалымат бөлүмү