Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларында көрсөтүү тартибине шайкештиги жагынан документтерди текшерүү жүрүп жатат
23 октября 2012
Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссиялары саясий партиялар берген шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тартибинин талаптарына ылайыктуулугун текшеришүүдө. Талапкерлердин тизмесин каттоо 2012-жылдын
25-октябрында аяктайт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга ылайык саясий партиялар ар бир бирдиктүү шайлоо округунан аталган жергиликтүү кеңеш үчүн депутаттык орун белгиленген сандан бир жарым эсе ашпаган талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.
Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партиялар бир жыныстын өкүлдөрү 70 пайыздан ашпаш керектигин эске алуулары зарыл, мында саясий партиядан көрсөтүлгөн тизмедеги аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпашы керек. Саясий партиялар башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп эсептелген адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.
Эскерте кетели, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 2012-жылдын 15-октябрында аяктаган. Жалпысынан 25 шаардык кеңешке 32 саясий партия талапкерлердин тизмесин көрсөткөн.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
