Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү региондордо АШКларга жана УШКларга усулдук жана практикалык жардам берет

16 октября 2012

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү региондордо АШКларга жана УШКларга усулдук жана практикалык жардам берет

2012-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү республиканын бекитип берилген региондору боюнча иш сапарга чыгышты.

КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 16-октябрынан 20-октябрына чейин региондордо аймактык, участкалык шайлоо комиссияларына жана КР БШКнын атайын өкүлдөрүнө 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча усулдук жана практикалык жардам берет.

Эске сала кетели, 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу БШКнын мүчөлөрүнө төмөнкүдөй облустар кураторлук кылууга бекитилген:

- Акматов Ж.А.– Баткен облусу,

- Асаналиев А.Т., Баатырова Г.М.– Жалал-Абад облусу;

- Ашимов Н.А. –Талас облусу;

- Бапанова Ж.Б.– Нарын облусу;

- Баялинов А.Дж, Азиз Канатбек – Ош облусу;

- Бекбасаров Р.Б. – Чүй облусу;

- Кадырбеков И.Д – Ысык-Көл облусу;

Бишкек шаарына КР БШКнын бардык мүчөлөрү бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы