Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
16 октября 2012
|
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады |
|
2012-жылдын 15-октябрында шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календарлык күн мурда аяктайт. Документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келе тургандыгын текшерет. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн мурда аяктайт. Эске сала кетебиз: айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөттөрү да шайлоо дайындалган күндөн тартып баштала,. бирок шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн мурда, башкача айтканда, 2012-жылдын 25-октябрында саат 24-00гө чейин аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо, тиешелүү түрдө, 10 календарлык күндөн кийин аяктайт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
