БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер У. Кабылбековдон арыз түштү
12 ноября 2020
2020-жылдын 12-ноябрында талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны, 1962-жылы туулган, Мерцбахер атындагы "Мөңгү" коомдук экологиялык фонддун президенти Урустам Кубанычбекович Кабылбековдон арыз түштү.
Эске салсак, 12-ноябрга карата КР Боршайкомуна Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөн 18 жарандан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубекова, С. Шер-Нияз) арыз түшкөн.
БШК Маалыматтык бөлүмү
