Башкы Жаңылыктар БШК Сыдыков Бактыбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

БШК Сыдыков Бактыбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

21-Окт, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-октябрындагы өз жыйналышында “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сыдыков Бактыбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Республика - Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаты Сыдыков Бактыбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Жогорку Кеңештин депутаты Сыдыков Бактыбектин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23-Сен, 2026

Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 23-сентябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө” жобону бекитти. Жобонун негизги максаты - добуш берүү күнү өзгөчө шарттарда турган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусун камсыз кылуу.Аталган жобого ылайык, шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте айрым категориядагы шайлоочулар тууралуу маалыматтарды тактоо, аларга маалымат берүү жана шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү иштерин уюштурат. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан айрым категориялардагы жарандардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматтарды тиешелүү мекемелер милдеттүү түрдө жылына эки жолу (1-февралына жана 1-августуна) бекитилген формаларга ылайык берүү белгиленет. Редакциялык-техникалык каталарды жоюу жана укуктук жөнгө салуунун мазмунун өзгөртпөстөн айрым сөздөрдү тактоо максатында өзгөртүүлөр киргизилип, анын ичинде «ЖӨБО» деген кыскартылган текст боюнча «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» деген толук түшүнүк менен берилет. Ошондой эле «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам» термини «майыптыгы бар адам» деген түшүнүккө алмаштырылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти
23-Сен, 2026

КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору бекитилди.Жободо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандын жана талапкерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, банк мекемелеринде атайын эсеп ачуу, шайлоо фондунун каражаттарынан шайлоо төгүмүн төгүү боюнча иш-аракеттеринин тартиби аныкталат.Мындан тышкары, шайлоо фондуна каражаттардын түшүү булактары жана чектери, төлөмдөрдү жүргүзүү, кайрымдуулук кылуучуларды идентификациялоо, каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдоо жана талапкерлердин финансылык отчёттуулугунун тартиби жөнгө салынат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
23-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Кара-Суу, Токтогул, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.        Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинин депутаты Асанов Бахтияр Пазыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жолдошев Майсалбек Дуйшобаевичке өткөрүлүп берилди;        Кара-Суу районунун Манас айылдык кеңешинин депутаты Нишанова Лолахан Эргашовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Расулахунов Ойбек Мамытахуновичке өткөрүлүп берилди;        Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңешинин депутаттары Балпыков Дайыр Жолдошбековичтин жана Аманкулов Талгат Нурдиновичтин  ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Исаков Жетиген Жакышовичке жана Бучуков Уланбек Кедеевичке өткөрүлүп берилди;          Кайыңды шаардык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сердюк Ирина Анатольевнага (“Ынтымак” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди; Панфилов районунун Курама айылдык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бейшенкулова Наргиза Сапарбековнага өткөрүлүп берилди;    Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Турдуев Жаныбек Абдраевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Токтосунова Гүлжан Бектургановнага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт
23-Сен, 2026

КР БШК кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт

Кымбаттуу мекендештер!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!Кыргыз тилине берилген статус 37 жыл мурда тарыхый чечим болуп, улуттук кайра жаралууга, эгемендүүлүгүбүзгө бекем пайдубал түптөп, коомдун руханий жаңылануусуна жол ачкан.Эгемен мамлекетибиз менен тарыхтын күүсүндө үзөңгүлөш жүргөн кыргыз тили кылымдар кыйырында машакаттуу, ары байсалдуу жолду басып өтүп, коомдук-саясий турмушубузда татыктуу ордун тапты. Чалкыган “Манасты”, ааламдык адабияттын көркү болгон Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жараткан эне тилибиз бүгүн мамлекетибиздин башкы символу катары эл аралык бийик трибуналарда сыймык менен жаңырып турат.Эне тилибиз эгемен мамлекетибиздин түбөлүктүү энчиси болуп, муундан-муунга даңазалана берсин!Майрамыңыздар менен!  Кыргыз РеспубликасынынШайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>