Башкы Жаңылыктар Бишкек аймактык шайлоо комисссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарынын участкалык …

Бишкек аймактык шайлоо комисссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарын бекитишти

25-Сен, 2012

2012-жылдын 24-сентябрында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышы өттү.

Бишкек АШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,4-пункттарына, 19-беренесинин 1,2,5,6,7,8,9-бөлүктөрүнө, “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө”  Жобого, Бишкек АШК 2012-жылдын 6-сентябрындагы “Бишкек УШК курамдарын түзүү жөнүндө” № 8 чечимине ылайык, ошондой эле 2012-жылдын 11-сентябрында өткөрүлгөн чучукулактын протоколдорунун негизинде, Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарын бекитишти.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, жогору турган шайлоо комиссиясынын төрагасы тиешелүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын ал түзүлгөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен өткөрүүгө тийиш.

Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык, Бишкек АШК түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларды биринчи жыйналышка чакырат. Участкалык шайлоо комиссиялардын жыйналыштары Бишкек шаарынын райондук мамлекеттик администрацияларынын акт залдарында өткөрүлөт. Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунун УШК жыйналыштары 2012-жылдын 26-сентябрында саат 9.00дө,  Октябрь жана Свердлов райондорунун УШК жыйналыштары 2012-жылдын 27-сентябрында саат 9.00дө.

Төмөндө Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдары берилет:

Ленинский район – здесь

Октябрьский район - здесь

Первомайский район – здесь

Свердловский район - здесь

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12-Ноя, 2026

Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 12-ноябрда, Абылов Мамбетжунус Абылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Адылов Бакытбек Адылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
11-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:-    Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Н.К. Сапарбаева;-    Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Мощин жана каржы маселелери боюнча А.Б. Тологонова;-    Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж. Жээнтаев жана каржы маселелери боюнча А.А. Камчибеков.Белгилей кетсек, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>