КР ЖК депутаты Ж.С.Жоробаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
25 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2020-жылдын 25-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жоробаев Жаныбек Сүйүнбаевичтин "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-бөлүгүнүн 1-пункту, 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жоробаев Жаныбек Сүйүнбаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жеке арызынын негизинде кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жоробаев Жаныбек Сүйүнбаевичтин күбөлүгү жараксыз деп табылды.
КР БШК маалымат бөлүмү