Башкы Жаңылыктар БШК 15 саясий партиядан 1912 депутаттыкка талапкерди каттады

БШК 15 саясий партиядан 1912 депутаттыкка талапкерди каттады

04-Сен, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 15 саясий партиясына  катышууга уруксат берди.

Бул партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына 1 миң 957 талапкерди көрсөтүшкөн, анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды.

Жалпысынан 1 миң 912 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер катталды.

1 миң 912 талапкердин ичинен 618 же 32,32% аялдар.

Партиялардын талапкерлеринин сандары боюнча маалыматтар:

 

Саясий партиялардын аталышы

Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны

Катталган талапкерлердин саны

Эркектердин саны

Аялдардын саны

 

Бардыгы келип түшкөн: 15 с/п

1957

1912

(45 тизмеден чыгарылды)

1294 (67,67%)

618

(32,32%)

1

“Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” 21.08.2020.

78

78

45 (57,69%)

33 (42,31%)

2

«Мекен Ынтымагы» 21.08.2020.

150

149

101 (67,78%)

48 (32,21%)

3

«Ата Мекен» социалисттик партиясы 23.08.2020.

150

150

100 (66,67%)

50 (33,33%)

4

Мекенчил 24.08.2020.

138

136

92 (67,60%)

44 (31,88%)

5

«Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясы   24.08.2020.

109

108

68 (62,90%)

40 (37%)

6

«Ыйман Нуру» 24.08.2020.

102

101

70 (69,30%)

31 (30,69%)

7

“Замандаш” 24.08.2020.

156

156

107 (68,59%)

49 (31,41%)

8

Чоң Казат» 24.08.2020.

82

81

57 (69,51%)

24 (30,49%)

9

«РЕФОРМА» 24.08.2020.

85

84

55 (64,71%)

29 (35,29%)

10

«Республика» 24.08.2020.

200

166

116 (69,88%)

50 (30,12%)

11

«Социал-демократтар» 24.08.2020.

104

101

67 (66,33%)

34 (32,69%)

12

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы 24.08.2020.

200

200

140 (70,00%)

60 (30,00%)

13

«Мекеним Кыргызстан» 24.08.2020.

200

200

140 (70,00%)

60 (30,00%)

14

ОРДО 24.08.2020.

101

100

68 (68%)

32 (31,68%)

15

Кыргызстан 02.09.2020.

102

102

68 (66, 66%)

34 (33,34%)

 

КР БШК маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты.Ал шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, жарандардын эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, ошондой эле салттуу добуш берүү менен аралыктан электрондук добуш берүүнүн айкалышын белгилеп өттү.КР БШКнын төрагасы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. КМШ Миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө КР БШКнын өкүлдөрү да Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участкаларында катышууда. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат.    
Кененирээк билүү >>