БШК "Мекенчил" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
03 сентября 2020
3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында "Мекенчил" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо тууралуу чечим кабыл алды.
Чечим, Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
"Мекенчил" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Мамадалиев Мураджон Атамирзаевичтин жана Тейфуров Расим Захидиновичтин жеке арыздарынын негизинде алар тизмеден чыгарылды.
КР БШК маалымат бөлүмү