БШК «Бир Бол» партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

02 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйналышында  «Бир Бол» саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү