БШК “Ата Мекен” партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
02 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйналышында “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттады.
Чечим ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү