БШК эки айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады

17 августа 2020

17-августта КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады.

Ысык-Көл райондук администрация башчысы-акимдин 2020-жылдын 12-августтагы №3/11-буйругу менен, Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы Кубат уулу Таалайбек көзү өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган. 

Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 4-сентябрында саат 09дан 12ге чейин өткөрүү дайындалды.

БШКнын 2020-жылдын 27-июлундагы токтому менен Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 14-августуна дайындалган шайлоодо катталган талапкерлер зарыл болгон добуштарды топтой албагандыктан, айыл өкмөт башчысы шайланбай калган.

Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоону 2020-жылдын 1-сентябрында саат 9дан 12ге чейин өткөрүү дайындалды.

Сокулук жана Ысык-Көл территориялык шайлоо комиссияларына шайлоолорду өткөрүүнү КР мыйзамдарына ылайык өткөрүү, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо тапшырылды.

          Добуш берүүчү имаратты жана буюмдардын үстүңкү беттерин дезинфекциялап чыгуу;

  • Шайлоо процессинин катышуучулары үчүн 1,5 – 2 метр аралыкты сактоо белгилерин коюу;
  • Кире бериштерге жана бюллетендерди бере турган жерге санитайзерлерди коюу;
  • Шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын байланышы жок термометр менен ченөө;
  • Шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолку бет каптарды жана перчаткаларды берүү;
  • Колдонулган материлдар менен предметтердин бардыгын дезинфекциялап чыгуу.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү