Коомдук диалогдо саясый партиялардын шайлоо фонддорунун финансылык ачыктыгын камсыздоо жөнүндө айтылды
14 августа 2020
14-августта Бишкекте Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен өнөктөштүктө “Шайлоолордун ачыктыгы жана аныктыгы – ишеним менен стабилдүүлүктүн кепилдиги!” аталышындагы коомдук диалог өткөрдү.
Шайлоолорду колдоо боюнча ПРООН долбоорунун эксперти, КР БШКнын көзөмөлдөө-ревизиондук тобунун мүчөсү Раида Баширова, шайлоого катышуу үчүн өз талапкерлеринин тизмесин көрсөтүшкөн саясый партиялардын шайлоо фонддорун түзгөн финансы ресурстарынын ачык болушун камсыздоо тууралуу, Боршайком аткарып жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди.
“Кыргыз Республикасында иштеп жаткан шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдардын шайлоо кампанияларын каржылоонун ачыктыгы боюнча бөлүгү, эл аралык стандарттарга, сунуштарга жана талаптарга жооп берет. БШК шайлоолорду өткөрүүдө ачык-айкындуулук принциптерин аткаруу менен өзүнүн сайтында “Талапкер” деп аталган атайын платформаны түздү. Бул жерден шайлоочулар саясый партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттар, алардын сарпталышы жана алардын финансылык отчеттору тууралуу маалыматтарды туруктуу алып турушат. Ошондой эле БШК сайтында шайлоо фонддорундагы каражаттардын коротулушу боюнча жума сайын маалыматтар жарыяланып, анда партиянын фондуна ким, канча каражат кошкону, чыгымдар боюнча: качан, кимге товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн канча төлөнгөндүгү боюнча жарыя болуп турат”, - деп айтып берди эксперт.
Раида Баширова саясый партиялар БШКга шайлоо фонддорун түзүүнүн бардык булактары жана өлчөмдөрү боюнча, ошондой эле бардык кеткен чыгымдар боюнча отчетторду берүүгө милдеттүү экендигин баса көрсөттү.
“Саясый партиялар өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүнүн бардык булактары жана өлчөмдөрү жөнүндө, ошондой эле бардык кеткен чыгымдар тууралуу БШКга отчет бериши керек. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партия өзүнүн финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү КР БШКдан каттоодон өтүп ага катталгандыгы тууралуу күбөлүк берилгенден кийин 5 календарлык күндүн ичинде өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фондун түзбөгөндүгү БШКнын саясый партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуусуна негиз болот”, -деди ал.
Ошондой эле андан аркы сөздө партиянын шайлоо фонддоруна каражат которууга кимдерге тыюу салынганы жана БШК кайсы банктарда шайлоо фонддорун ачууга уруксат берилгендиги тууралуу айтылды.
Коомдук диалогдо БШК жана партиялар Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына ишенимди жана анын ачыктыгын жогорулатууга багытталган технологиялык процесстерди да талкуулашты. Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен (бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо) өткөрүлдү.
Бул иш-чара Кыргызстандагы ПРООНдун колдоосу менен, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгы маселелери боюнча билим берүү долбоорун ишке ашыруу рамкасында өтүп жатат.
Диалогдун максаты – 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана концептуалдуу маселелер менен катышуучуларды тааныштырууну көздөйт. Иш-чарага КР БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова, “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова, ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү Юлия Шипилова, саясый партиялардын өкүлдөрү, эл аралык жана улуттук эксперттер катышышты.
