Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мээримбек Мадииевич Усубалиев шайланды

14 августа 2020

2020-жылдын 14-августунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кажы- Сай айыл өкмөтүнүн башчылыгына эки талапкер – Тюльпан Джунусовна Дүйшөнбаева жана  Мээримбек Мадииевич Усубалиев катталган.

Кажы-Сай айыл өкмөтүндө бардыгы 11 айылдык кеңештин депутаты болсо, шайлоого алардын 10у катышты. 2020-жылдын 14-августундагы Тоң территориялык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколу боюнча, талапкер М. М. Усубалиев депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон.

Ошентип, Мээримбек Мадииевич Усубалиев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.