Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды – талапкерлер зарыл болгон добуштарды ала алышпады
14 августа 2020
14-августта Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды. Себеби талапкерлер зарыл болгон добуштарды ала алышкан жок.
Чүй облусунун Сокулук райондук администрациясынын башчысы – акимдин 2020-жылдын 16-июндагы №302-р буйругу менен өзү берген арызы боюнча, Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Дамирбекович Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулган.
“Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык, КР БШКсы 2020-жылдын 27-июлдагы №14-токтому менен, Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 14-августуна дайындаган.
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болууга 3 талапкер - Асылбек Киргизбаевич Адылбеков, Руслан Рашидович Токкожоев жана Нурбек Балкашбекович Тургунов айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлүп, катталышкан.
14-августта болуп өткөн Сокулук айыл өкмөт башчысын шайлоого айылдык кеңештин 21 депутатынын 18и катышкан.
2020-жылдын 14-августундагы Сокулук территориялык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу боюнча, добуш берүүнүн биринчи турунда талакер А. К. Адылбеков 4 добуш, талапкер Р. Р. Токкожоев 4 добуш, талапкер Н. Б. Тургунов 10 добуш алышкан. “Бардыгына каршы” позициясы боюнча эч ким добуш берген эмес.
Экинчи турда талапкер Н. Б. Тургунов 10 добуш алган, “бардыгына каршы” позициясы боюнча Сокулук айылдык кеңешинин 8 депутаты добуш беришкен. Шайлануу үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алуу зарыл эле, башкача айтканда 11 добуш алуу керек болчу.
“Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренеси боюнча, эгер талапкерлер добуштардын зарыл болгон санына ээ болбосо анда жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.
