Боршайком шайлоо фонддорунун финансылык отчеттуулугунун ачыктыгы боюнча саясый партиялар үчүн төртүнчү онлайн-тренинг өткөрдү

13 августа 2020

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саясый партиялар үчүн “Талапкерлер жөнүндөгү маалыматтардын электрондук системасы. Шайлоо фонддорунун финансылык отчеттуулугу” деп аталган темада төртүнчү онлайн-тренинг өткөрдү.

Саясый партиялардын кырктай өкүлдөрү катышкан бул иш-чара “Жарандык платформа” коомдук фонду менен бирге уюштурулуп, ага ПРООН колдоо көрсөттү.

КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик бюджеттен шайлоолорду каржылоонун ачыктыгын камсыздоого, ошондой эле шайлоого катышып жаткан партиялардын шайлоо фонддорунун ачыктыгына багытталган ченемдик актылардын комплекси кабыл алынгандыгы тууралуу айтып берди.

“Кабыл алынган жоболор шайлоо боюнча мамбюджеттин отчеттуулугун жана пландаштыруудан тышкары саясый партиялардын шайлоо фонддоруна кошкон акча каражаттарынын булагын да ачыктоону, шайлоо кампаниясынын убагында саясый партиялардын чыгымдарынын ачык болушун да эске алат. БШК сайтында шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө: фондго түшүүлөрдүн булактары боюнча, партиянын фондуна ким, качан, канча каражат кошконун, чыгымдар боюнча, товар же кызмат көрсөткөнү үчүн кимге канча төлөнгөнү боюнча маалыматтар жума сайын жарыяланып турат”, - деди төрайым.

Спикер катары катышып сүйлөгөн ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү Юлия Шипилова шайлоо талаш-тартыштарынын эл аралык практикасы тууралуу айтып берди.

“Шайлоо талаш-тартыштары жана финансылык ачыктык шайлоо процессинин сапатына абдан таасир тийгизет. Шайлоо кампанияларын каржылоо шайлоо процессинде чечүүчү роль ойнойт, анткени шайлоочу саясый партиялар, алардын каалоолору тууралуу маалыматтарды алышат”, - деди Юлия Шипилова.

БШК эксперти Раида Баширова саясый партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн жана чыгымдалган каражаттардын финансылык отчеттуулугу тууралуу презентация жасады. Ал шайлоо күрөөсү жөнүндө, саясый партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын эсеби жана чыгымдары жөнүндө айтып берди.

КР БШКнын маалыматтык технологиялар боюнча эксперти Кайратбек Абдилатов катышуучуларга талапкерлер жөнүндөгү маалыматтардын электрондук системасы тууралуу айтты. Бул КР БШК тарабынан атайын иштелип чыккан система шайлоо процессинин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

БШКнын маалыматтык бөлүмү Боршайком “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте жана ПРООНдун колдоосу менен, Кыргызстанда шайлоо процессине катышып жаткан саясый партиялар жана башка катышуучулар үчүн, шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындык маселелерин окутуу максатында системалуу негизде вебинарларды өткөрүп келээрин белгилелейт.