Дагы үч коммерциялык эмес уюм БШКга ЖК депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниеттерин билдиришти
12 августа 2020
Үч коммерциялык эмес уюм КР БШКсына 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярданууга жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү каалай тургандыктарын билдиришти.
Булар “Ден соолугу жагынан чектелген адамдарды колдоочу “Билоу” коомдук фонду, “Майып адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү” коомдук фонду жана “Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо боюнча комитет” коомдук фонду. Аталган коомдук уюмдар БШКда, Бишкек ТШКда жана борбордун аймагындагы шайлоо участокторунда байкоо жүргүзөөрүн кабарлашты.
Билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 12-августтагы чечими менен эске алынып, кабыл алынды. КР БШК чечими Бишкек шаарынын территориясында жайгашкан Бишкек ТШКсына жана ШКУна жогоруда аталган коммерциялык эмес уюмдардын коомдук байкоочуларын каттоо үчүн жана аларга кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү үчүн жиберилет.
Эске салсак, 30-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого “Жалпы иш” коомдук фондунан жана юридикалык жактардын бирикмеси болгон “Таза шайлоо ассоциациясынан” байкоочуларды каттоого ала тургандыгы боюнча өз жыйынында чечим кабыл алган.
