БШК бир катар шайлоо участокторунун даректерине өзгөртүүлөрдү киргизди
12 августа 2020
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 12-августтагы жыйынында Талас шаарындагы, Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айыл аймагынын, Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Сакалды жана Бүргөндү айылдык аймактарынын бир катар шайлоо участокторуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөртүүлөр Талас шаардык, Алай, Ноокен райондук территориялык шайлоо комиссияларынын айрым шайлоо участокторунун даректеринин өзгөрүшүнө байланыштуу кайрылууларынан улам киргизилди.
Өзгөрүүлөр 4 шайлоо участокторунун даректерине тиешелүү.
- Талас шаары: Талас шаарындагы №6106-шайлоо участогу – Ч. Айтматов атындагы көчөдөгү №259дагы облустук оорукананын имаратынан Ч. Айтматов атындагы көчөдөгү №253тө жайгашкан №4 орто орто мектептин имаратында жайгашат.
- Алай районундагы Бүлөлү айылдык аймагы: Кошулуш айылындагы Бүлөлү айылдык кеңешинин имаратында жайгашкан №5129-шайлоо участогу, Кошулуш айылындагы Ж. Исаев атындагы орто мектептин имаратына жайгашат.
2. Ноокен району:
Сакалды айылдык аймагы: Кыргызстан айылынын Ы. Орозалиев көчөсү №41деги Э. Алиев атындагы орто мектептин имаратында жайгашкан №2186-шайлоо участогу Кыргызстан айылындагы Ы. Орозалиев көчөсү №38деги маданият үйүнүн имаратына жайгашат.
Бүргөндү айылдык аймагы: Бүргөндү айылындагы Ак-Бата көчөсү №6-бдагы автовокзалдын имаратындагы №2401-шайлоо участогу, Жаңы-Арык айылындагы С. Турдалиев көчөсү №50дөгү М. Молдалиев атындагы орто мектептин имаратына жайгашат.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
