БШК Кара-Жыгач жана Чүй айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
12 августа 2020
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-августтагы өз жыйынында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын жана Чүй районундагы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 28-августунда өткөрүүнү дайындады. Шайлоолор саат 9дан 12ге чейин өткөрүлөт.
Аламүдүн райондук администрациянын башчысы - акимдин 2020-жылдын 1-июлдагы №313-буйругу менен, Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Иса Жүзүмалиевич Жаманбаев ээлеген кызматынан көзү өтүп кеткендигине байланыштуу бошотулду.
Чүй райондук администрациянын башчысы – акимдин 2020-жылдын 7-августтагы №100-буйругу менен Чүй облусуна караштуу Чүй районундагы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Жантай Мыктыбекович Шакеев өзү берген арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Аламүдүн жана Чүй территориялык шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүү, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо (1,5 – 2 метрлик аралыкты сактоо жана көзөмөлдөө, бир жолку маскаларды колдонуу, колдорду дезинфекциялык аралашма же спирти бар антисептик менен тазалоо) менен уюштуруу тапшырылды.
