«Ыйман Нуру» саясий партиясында – шайлоо жана каржы маселелери боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдөр

10 августа 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 10-августтагы жыйналышында «Ыйман Нуру» саясий партиясынан ыйгарым укуктуу өкүлдөр С.Э. Эрмаматованын жана А. Муратбек кызынын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим «Ыйман Нуру» СПдан 6, 7-августта келип түшкөн мурда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү кайра чакырып алуу жана жаңы  өкүлдөрдү дайындоо жөнүндө билдирмесинин негизинде кабыл алынды.

КР БШК Мурзакулов Бекболот Муктарбековичти «Ыйман Нуру» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттады.

Кубанычбеков Кайрат Кубанычбекович «Ыйман Нуру» саясий партиясынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталды.