БШКнын call-борборунун операторлорун окутуу болуп өттү
07 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы биргеликте БУУӨПтүн шайлоону колдоо боюнча программасынын колдоосу астында КР БШКнын call-борборунун операторлорун окутууну өткөрдү.
Тренингден 12 адам өттү, алардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, пенсионерлер, жаштардын жана ар кайсы этностук топтордун өкүлдөрү бар.
КР БШК Төрагасы Нуржан Шайлдабекова жана БУУӨПтүн шайлоону колдоо боюнча программасынын улук эксперти Юлия Шипилова семинардын катышуучуларына куттуктоо сөз менен кайрылышты. БУУӨПтүн гендер боюнча эл аралык эксперти Татьяна Бибик “Гендер жана шайлоо” деген темада презентация өткөрдү.
КР БШК эксперттери операторлорго шайлоочулардын тизмелери, Кыргыз Республикасынан мигранттардын добуш берүү жол-жобосуна жана шайлоо талаштарына катышуусу боюнча кенен түшүндүрмө беришти. Ошондой эле, тренингдин катышуучулары КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо маселелери менен тааныштырылды.








