БШК “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте саясый партиялар үчүн вебинар өткөрдү

06 августа 2020

6-августта саясый партиялар үчүн үчүнчү окутуучу семинар өткөрүлүп, ага саясый партиялардын 40 өкүлү катышышты. Вебинардын темасы шайлоонун финансылык ачыктыгына арналды.

Онлайн семинарды “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова алып барды. КР БШК төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бегматов катышуучуларга кайрылып сөз сүйлөдү.

Спикер катары ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Юлия Шипилова катышты. Юлия Шипилова өзүнүн презентациясында шайлоо талаш-тартыштарынын эл аралык практикасы боюнча айтып берди.

Юлия Шипилова “Шайлоонун талаш-тартыштары жана финансылык ачыктык шайлоо процессинин сапатына өзгөчө таасир тийгизет. Шайлоо кампанияларын каржылоо шайлоо процессинде чечүүчү роль ойнойт, анткени шайлоочу саясый партиялар жана алардын ниеттери жөнүндө маалыматтарды  алышат”, - деди.

Шайлоо укугу боюнча эксперт Канышай Мамытова Кыргызстандагы шайлоо укуктарынын принциптери жана шайлоо талаш-тартыштарынын процесстери жөнүндө айтып берди. Ал катышуучуларды шайлоо комиссияларынын иштери, шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча жоопкерчилик, Жумушчу топторунун иштери жана оперативдүү чара көрүүчү координациялык топтор тууралуу кенен  маалымат менен кабардар кылды.

Канышай Мамытова “Шайлоонун талаш-тартыштары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоонун негизги ыкмаларынын бири”,  - деп белгиледи.

Шайлоо күрөөсү, саясый партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын чыгымы жана эсеби жөнүндө БШК эксперти Раида Баширова айтып берди. Саясый партиялардын көптөгөн өкүлдөрү дискуссияга активдүү катышып, спикерлерге бир топ суроолорду беришти.

Эске салсак, бул долбоор БШК жана “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Долбоор шайлоо процессинин бардык катышуучуларына арналып, шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындуулук маселелери боюнча окутуу максатын көздөйт.

Саясый партиялар үчүн тренингдер офлайн форматында өтүүсү керек эле, бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу ал онлайн форматында өткөрүлдү.





КР БШК Маалыматтык бөлүмү