Ош АШК курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
27 июля 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-июлда өз жыйналышында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.
Маселен, өзү берген жеке арызынын негизинде «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Каримбеков Рустам Мукашевич Ош АШК курамынан чыгарылды, анда себеп катары башка жакка көчүп кеткени көрсөтүлгөн. Анын ордуна «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Топчубаева Бактыгүл Амановна комиссиянын курамына киргизилди.
Бул өзгөртүүлөргө ылайык ушул АШК курамында саясий партиялардын 6 өкүл жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан 6 өкүл, резервде – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан 51 өкүл бар.
