БШК 14-августка Кажы-Сай жана Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
27 июля 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-июлда өз жыйналышында Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды.
Ысык-Көл облусунун Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 11-июнундагы №37 буйругу менен Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Кутуев Памир Абыкаевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 16-июлундагы №302-б буйругу менен Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыков Бакытбек Дамирбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, КР БШК Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2020-жылдын 14-августуна дайындоо жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Тоӊ жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сактоо менен – 1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колдорду тазалоону уюштуруу тапшырылды.
