БШК Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын бекитти
21 июля 2020
КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-июлундагы жыйынында “Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 17-июлунда болуп өткөн шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө” токтомду кабыл алды.
2020-жылдын 17-июлунда КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 108 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн эки талапкер Сталбек Джапарбекович Мусаев жана Мирбек Бөлөкбаевич Сүйүналиев катталган.
Сокулук территориялык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу боюнча Кызыл-Туу айылдык кеңешинин бардык 21 депутаты добуш берүүгө катышкан.
Добуш берүү учурунда С.Д. Мусаев 11 добуш, М. Б. Сүйүналиев 9 добуш алып, “бардыгына каршы” бир депутат добуш берген. Сокулук территориялык шайлоо комиссиясынын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу менен, Сталбек Джапарбекович Мусаев Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланганы аныкталган.
Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча арыздар, билдирүүлөр түшкөн эмес.
Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколдордун негизинде, КР БШК Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайланышын, Сталбек Джапарбекович Мусаевди Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы катары таанып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшыруу боюнча токтом кабыл алды.
