БШК Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын бекитти

21 июля 2020

КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-июлундагы жыйынында “Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 15-июлунда болуп өткөн шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө” токтомду кабыл алды.

2020-жылдын 15-июлунда КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 108 токтому менен дайындалган  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн Бекжан Калмурзаевич Бообеков жана Ногайбек Джапанбекович Самтыров талапкер катары катталышкан. Добуш берүүгө Логвиненко айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19у катышты. Добуш берүү учурунда Б. К. Бообеков 4 добуш алса, Н. Д. Самтыров 12 добушка ээ болгон, ал эми “бардыгына каршы” добушту 3 депутат берген. Шайлоонун жыйынтыгында Н. Д. Самтыров Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Ысык-Ата территориялык шайлоо комиссиясына тапшырылган документтер боюнча Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган Ногайбек Джапанбекович Самтыров 1979-жылы 31-мартта туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, улуту кыргыз, жашаган жери Чоң-Далы айылы, үй-бүлөлүү.

Шайланган айыл өкмөт башчысынын жалпы эмгек стажы 11 жыл 8 ай, анын ичинен 11 жылдан бери жетекчилик кызматта. 2006-жылдан 2017-жылга чейин ОАО “Кыргызалтындын” ГУДСДМ кызматынын жетекчиси болгон. Жогорку билимдүү, Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинен юриспруденция адистиги боюнча  окуп билим алган.

Кыргыз Республикасынын ИИМ ГУИТ тарабынан 2020-жылдын 7-июлунда берилген маалымдама боюнча Н. Д. Самтыров Кыргыз Республикасынын территориясында сот жоопкерчилигине тартылган эмес. Ал Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 48-беренесинин талаптарына туура келет.