Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 17-июлунда дайындалган шайлоо талапкердин жоктугунан болбой калды

17 июля 2020

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, КР Боршайкомунун токтому менен 2020-жылдын 17-июлуна дайындалган. Тилекке каршы айыл өкмөтүнүн башчысы болууга бир дагы талапкер катталбагандыктан, шайлоо болбой калды.

“Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренесине ылайык, берилген мөөнөттө бир дагы талапкер катталбаса, анда шайлоо кайрадан өткөрүлөт.

Токтом долбоору боюнча, Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2020-жылдын 31-июлуна саат 9:00дөн 12:00гө чейин дайындоо сунушталып жатат.

Түп райондук территориялык шайлоо участогуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен шайлоону өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды:

- добуш берүүчү имаратты жана анын ичиндегилердин үстүн дезинфекциялоо;

- шайлоо процессине катышуучулардын ортосу 1,5 - 2 метр аралыкты сактоосу үчүн белгилерди коюу;

- кире бериш жана бюллетень берүүчү жерлерди санитайзерлер менен камсыздоо;

- шайлоо процессине катышуучулардын температурасын байланышсыз термометр менен ченөө;

- шайлоо процессине катышуучуларга бир жолу колдонулуучу маскаларды жана колкаптарды берүү;

- колдонулуп жаткан материалдар менен предметтердин бардыгын дезинфекциялоо.